“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Айылда таза суу бир айдан бери туруктуу берилбей жатат

13 Июль 2013 жыл 16:34
Көрүүлөрдүн саны: 32

image

Суунун туруктуу берилбегендигинен айыл тургундары тоодогу булактардан алууга аргасыз. Суунун токтотулушун айыл өкмөтү ремонт иштери менен түшүндүрдү.

Айыл тургуну Салый апа суу көптөгөн күндөр бою токтогондо айла жок, эртең менен эрте туруп арыктардан суу алабыз, дейт.

image

9-классынын окууусу Байдылда Нурбек уулунун айтымында тоого барып суу алып келүүгө аргасыз.

«Суу жок болгондуктан. Эшектер менен тоодогу булактардан суу алып келиш керек болот», —  дейт Байдылда.

image

Суу жөнүндөгү көйгөйлөргө  айыл тургуну Жазгүл Кадыралиева да кошулду.

«Сууну эскертпей туруп өчүрүп салышат, анан биз кыйналып тоого барып алып келип жатабыз», — деди Кадыралиева.

image

Айыл өкмөтү суунун убактылуу токтотушун суу түтүктөрүнүн алмаштырылып жаткандыгы менен түшүндүрдү.

«Водопроводду оңдоого 150 миңден ашык сом кетти. Ошонун 57миң сому запчастка,
калганы майга [казуу иштери] кетти», — дейт айыл өкмөтү.

image

«Сууларды токтотконубуздун себеби, трубаларды оңдоп бүтсөк ар бир үйгө суу чыгаруу», — деп айыл өкмөтү кошумчалады.

Авторлор: Бекболот Рахатбек уулу, Эркинай Нарынбекова, Зулайка Мирлан кызы