“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

«Башка жерде султан болгончо, өз жериңде ултан бол»

13 Июль 2013 жыл 15:47
Көрүүлөрдүн саны: 77

image

Талантбек Иманов алты ай Якутиядагы Саха Республикасында курулушта иштеп келди. Башка мамлекеттен тапкан акчаны өз өлкөңдө тапсаң болот, деген пикири менен бөлүштү.

Бизге берген маегинде алыскы чет мамлекетте кантип иштегени жөнүндө айтып берди.

image

«Ал жакка мен август айында кеткем да, биякта жайда, жеңил кийинип алып барганбыз.Аэропорттон түшкөндө, жаан аралаш кар жаап, бурганактап турду, климаты аябай эле татаал экен».

image

«Бизге жатаканасы бар,ысык тамагы үч маал, только иштеш керек, өз жумушуңду билишиң керек».

image

«Мен барып келгенден кийин түшүндүм. Өз жер ушунчалык өзүбүзгө ыйык болоорун билдим. «Бирөөнүн жеринде султан болгончо, өз жериңде ултан бол» деген сөз бар го ошол кыргызда туура эле айтылган макал экен».

image

«Келинчегиме башында айтсам макул болбой койгон. […] үй бүлөмө айтпай контракты түзүп алгам да», — деп Иманов баяндап берди.

Таланттын жубайы Перизат Сыдыкова жолдошунун кетишине каршы болгонун айтып, ал жоктогу кыйын күндөрдү айтып берди.

«Эми аяктан тапчу акчаны бияктан деле тапса болмок да,ошон үчүн каршы болдум.Башка бөтөн жерге барып иштегенче, өз жериңде иштеген жакшы да», — дейт Перизат.

«Көп таппаса дагы үйдө өзүбүздүн ырыскыбыз менен жашаган жакшы да. Кудайдын берген ырыскысы менен жашап турсак, акча- акча деп кетсе ден соолугунун баары кетип жатпайбы», — деп жубайы сөзүн улады.

image

«Ошо жакта иштеп тапкан акчаны бизде эле иштеп таап жашаса болот да, ал үчүн иштеш керек. Эки жакка барып,жер көргөнү барышсын, жер көрүп келсе болот,мындай турист катары»,- деп  Иманов маегин аяктады.

Авторлор: Өмүрбек Дайырбеков,Мээрим Алмазбек кызы,Айзат Түмөнбаева.