“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Эки жылдан бери Дубайда

13 Июль 2013 жыл 14:12
Көрүүлөрдүн саны: 93

Чачыкей Жусупова эки жылдан бери Дубайдагы отелдердин биринде иштеп келет. Айлык акысынын бир бөлүгүн үзгүлтүксүз ата-энесине, Куланак айылына жиберип турат.

Чачыкейдин апасы Жайнагүл Малаялиева бизге берген маегинде кызынын алыскы өлкөдө иштегендиги үй-бүлөсүнө кандай таасир тийгизгендигин баяндап берди.

image

«Кыргыз— Түрк Манас университетине өткөн,туризм жагына. Анан окууну бүткөндө резюме таштап Араб өлкөсүнө өтүп, иштеп кетти».

image

«Кыйынчылыктарын айтты, баары бир Кыргызстан өзүнүн өлкөсү, Араб башка өлкө. Аябай сагынып жүрүптүр. Сагынып,кеткиси келип, көнгөндөн кийин көнүп кетти окшойт».

image

«Кызыма ишенем да,чет жакка [турмушка] чыкпайт деп ойлойм. Ал жакта көпчүлүгү кыргыздар деле болот экен.Балким, кыргыздар менен иштеп жатып, турмуш курса каршы эмеспиз».

image

«Сагынабыз. Ушу заманга жараша телефон болуп жакшы эле болуп калды. Ошентсе деле ичим уйгу-туйгу болуп, сүйлөшүп жаткан кезде толкунданам. Отпускага келишет, жылына бир келет, буюрса күзүндө келет, күтүп жатабыз».

image

«Азыр балдар ата-энени багып калды. Биз балдарды окуттук, үзүрүн көрүп жатабыз».

image

«Алардан сурасам аябай тартип күчтүү [Дубайда], өлкөнүн ысыктыгы эле болбосо, айлыктары жакшы».

Авторлору: Анара Нусупова, Марина Асыкулова, Уулкелди Бейшенбекова.