“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Күйүүчү майдын кымбат баасынан жергиликтүү эл кол менен чоп чабууда

13 Июль 2013 жыл 9:34
Көрүүлөрдүн саны: 33

image

Каражаттын жоктугунан күйүүчү май ала албай айыл тургундары азыркыга чейин чөбүн чаба элек.Айыл башчысы бензин баасы Нарынга салыштырмалуу арзаныраак экенин айтты.

image

Куланак айылынын тургуну Жангарач Таштанбеков күйүүчү майдын элет жерине жеткиче эле баасы көтөрүлүп кеткендигин айтты.

image

«Жылда айыл өкмөттөн арзан баада алчу элек,быйыл күйүүчү  май келген жок.[…]элдер жеке заправкалардан алып кыйналып жатат», — дейт Таштанбеков.

image

Айыл тургуну Таалайкүл Абдысаматова айлык акысы убагында берилбей,күйүүчү май алууга мүмкүнчүлүк жок болгондугун кабарлады.

«Майдын жоктугунан чөбүбүз чабылбай жатат», — деп кошумчалады.

image

Ал эми айылдык май куйуучу станциянын оператору Жүмакалый Самүдүн кызы атайын салык  төлөгөндүктөн күйүүчү майды карызга бере албастыгын айтты.

image

Куланак айылынын башчысы Жумадил Мүдүнов айылда бензиндин баасы Нарынга салыштырмалуу арзан болгондугун баса белгиледи.

«Күйүүчү май туурасында маселе жок. Айылда  өзүбүздүн заправка турат. Учкун айылынан бир жигит бар, ошол камсыз кылат, Нарындын баасынан 1сомго арзан», — деп айыл өкмөтү кабарлап өттү.

Авторлор: Жазгүл Кадыралиева, Газель Русланова, Элжанат Оболбек уулу.