“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Айымдардан түзүлгөн уюм айылдагы жакырчылыкты жоюууга салым кошууда

26 Июль 2013 жыл 17:16
Көрүүлөрдүн саны: 253

Куланак айылында эки жылдан бери элди жакырчылыктан чыгаруу боюнча айымдардан түзүлгөн уюм иштеп, аз да болсо салымдарын кошууда. Жасаган буюмдары менен ар кандай көрсөтмө, ярмаркаларга катышып жаткандыктарын белгилеп өттүштү.

image

«Байэл» тобунун учурдагы  жетекчиси Шайыр  Жунушбаева өздөрүнүн ишиндеги жетишкендиктерин баяндап берди.
«Эң биринчи жашылча -жемиш өстүрүү боюнча аялдарды жумуш менен камсыз кылып, бир жылдан соң жүндү кайра иштетүү боюнча иштей баштадык», — дейт Жунушбаева.

image

«Нарын жери суук болгондуктан, жүндөн жасалган тапичкелерди, чыптамаларды кийүү пайдалуу ,зыяны жок», — деп кошумчалады.

image

Топтун алдыда жасай турган иштери жөнүндө Замира Абдрасулова  маек куруп берди.

image

«Айылда он эле аял иштебестен, дагы кеңири  группа ачып,  кеңири жайылтуу керек», — деген оюн билдирди.
image

«Таджикстанга барып келдик.

Ар кандай шарф, тапичке, чыптама, сумкаларды, сувенирлерди жүндөн, кийизден жасайбыз», — дейт Абдрасулова.
image

«Жасаган буюмдарыбыздын ден-соолукка пайдасы бар. Мисалы, тапичкелерибиз буттагы радикулит,  муун ооруларына, а моюндагы шарф хондроз ооруларына пайдасы бар.

Ушу силердин интервьюңардан пайдаланып,  CDA уюмуна, CACSSA уюмуна, ООН Женщина уюмуна ыраазычылыгымды билдирем», —  деп  кошумчалады.

image

Автор: Анара  Нусупова.