“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Нарындын шартында эт жей бербей, жашылча жер жемиштерди жесе болот

20 Август 2013 жыл 18:03
Көрүүлөрдүн саны: 41

image

Нарындын шартында теплица иштетсе болоорун Куланак айылынын тургуну фермер Шайлообек Исаев төмөндөгучө баяндап берди.

image

«Былтыр 2012-жылы «Агахан» фонду Евросоюздун жардамы менен проекттинин негизинде теплица курдук. Эки жүз миң сомдун акчасы болот экен. Ошонун элүү миң сому өздүк салым болду», — дейт Исаев.

image

«Май айында курулуп бүтүп, август айында бадыраң, помидор айдаганбыз. Октябрь айында даяр болуп калды. Октябрь, ноябрь, декабрь, январдын онуна чейин  түшүм берип жатты», — деп фермер улады.

image

«Теплицанын жакшы жери сыртта 20 градус суук болуп турганда ичи 25-30 градус жылуу болуп турат экен. Күн теплицасы да, ичи болсо тамчылатып сугаруу менен сугарылат. Январь, февраль эки ай токтоп турат, жерди эс алдырып, кайра мартта айдайбыз. Ташка  күн тиет да жылуулукту сактап  турат», — деди Исаев.

image

Уруктар менен кандай иштерин да айтып берди.
«Бул атайын тепличный уруктар экен. Биринчилери проект менен берилген, андан кийинкилерин өзүбүз алып жатабыз. Буга болсо химия колдонбойбуз, ичине болсо, бүт өзүбүздүн кара топурак менен толтурулган, асты сексен см казылып, ошонун кырк сантиметр топурак», — деди фермер.

image

«Анан азыркысын эми айдап койдук. Октябрдын башында түшүм бере баштайт. Урукту айдаганыма үч күн болбу. Үч айга чейин түшүм берет. Отуз эки квадрат метр жерден 350-400 килграмм түшүм берет», — деди Исаев.

image

«Күндөлүккө жазып  турабыз. Календарь  менен иштейбиз. Теплицаныкы эки эсе ылдам болот экен, бу күнү түнү өсөт экен. Биздики кымбатка  туруп калды, эл арзан  салса болгудай, жергиликтүү карагай, шырык, рейка менен», — деген оюун билдирди.

image

«Эми муну чоңойтсокпу деген ой бар. Ар бир үйгө салынса жакшы болгудай», — деп Исаев көптөгөн фермерлерди кызыктырып жатат.

image

«Эми сырткы ачык талаага караганда мунун акчасы да кымбат болуп жатпайбы. Мунун 1 килограммы 200 сомго кетип жатат, октябрь,  ноябрь айларында. Анан ачык  талаада айдайбыз, көп алабыз, бирок баасы 10-20 сомдон болуп калат. 15-20 кг тигинин  бир килограмм болуп жатпайбы?», — дейт.

image

«Ачык талаада 20 жылдан бери иштеп келе жатабыз.»Эр эмгегин жер жебейт» дейт, ошо талаа менен балдарыбыз окуп, иштеп, жашоо шартыбызга пайдалснып жатабыз. Жер багып жатат мындайча айтканда», — деди фермер.

image

Эксперимент катары жүзүм айдаганында көрсөттү. Шайлообек Исаев кызыктар болуп келгендерге да өз кызматын көрсөтүп тураарын баяндап берди.

Авторлор: Айзат Түмөнбаева, Жазгул Кадыралиева.