“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Ар бир долбоорго 326 000 миң сом каралат,бирок 50%өздүк салым.

31 Август 2013 жыл 21:46
Көрүүлөрдүн саны: 61

image

29-августта Куланак айыл өкмөтүндө ЕБ-ПРООНдун «Со   циалдык  адилеттүүлүк үчүн ак ниеттүү башкарынуу илгерилетүү» долбоорунун негизинде семинар тренинг болуп өттү.Семинарга Куланак ,Учкун айылынын тургундары,айыл депутаттары,Аралбаев орто мектебинин мугалимдери катышты.Семинар учурунда былтыркы жасалган иштерге анализ жүргүзүлүп,быйылкы жасалчу иштер жөнүндө талкуу болду.
  Семинарда Айыл демилгесинин    Нарын филиалындагы коомдук жетекчиси Болотбек Сурапов төмөндөгүлөргө токтолду.

image

«Сиздердин Учкун айыл өкмөтү пилоттук айыл өкмөт.Эмненин негизинде 2012 жылкы долбоорлор чыкпай калганын талкууладык,ага кошумча быйыл 2013-2014 жылдык планына кошумча долбоорлорду кийирдик.
[…] Жумушчу топтун иштешине жараша.
[ …] 2012-2013 жылга долбоорлор келген,эч бир долбоорлор чыкпай калган,чыккан долбоор планга кирбей калып СИАП ка кирбей калып,ошон үчүн ишке ашпай калган».

image

Семинар учурунда Куланак айылынын тургуну Чүкүшов Темирлан » Менде 2 сунуш болуп жатат,жайкысын мини футбол,кышкысын хоккей ойноочу спорт аянтчасы кылсакпы».
Учкун айыл башчысы Казыбек бул долбоордун үстүндө иш башталганын мындайча ортого салды.

image

«Спорт аянтчасынын хоккей аянтчасынын жерин казып,даярлап бүтүп калышты, аянтка урук алып,суу тоңдурабыз-деп даярданып жатабыз».

image

Келген долбоор социалдык жактан өнүктүрүү боюнча каралары айтылып,анын ичине мектеп,айыл өкмөтү,мед.кызматы,бала бакчаларга каралаары айтылды.Семинар учурунда катышуучулар өз ойлорун ортого салып, талкууга алышты.

image

Кайсы долбоордун үстүндө иштгенде ишке аша турганы каралып төмөндөгүлөргө  токтошту:мектепке теплица куруу,таза суу.сугат суусу,Учкун айылындагы ФАПка жылуулук системасын кийирүү.Долбоор 8-сентябрга дайындалышы керек экен.

image

Болотбек Сурапов мындай деп оюн ортого салды. «Былтыр эле 2012-ж жаз айларында сиздерде аябай кубанычтуу иш болду,айылыңыздарда песко блок чыгарган оборудования,искуственный осминение келди,Нурлан менен иштешкенде,сиздерге биз 10 000 $ тартканбыз,өкүнүчтүүсү былтыркы ишиңер токтоп жүрбөй калгандыгы,акчадан кур калганыңар мен үчүн аябай өкүнүчтүү болду.Ушу жерде отурган депутаттар бар,мурдагы адистерден бар,баарыбыз күнөөлүбүз.Эмкиде кур калсак эртеңки күнү элжурттун астында жооп берчү күн келет,бул айтылат,бул иштебей койду,бул жасабай койду деп сизге айтылат Жумадил байке,
ошон үчүн иштешип,баарыбыз жардам берели.Келип жаткан ырыскыны жакшынакай пайдаланып калалы».
Ушул эле семинар Жерге -Тал айылында болду.
авторлор:  Айзат  Түмөнбаева
Жазгүл Кадыралиева