“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Балдарды таратууга туура келет.

4 Октябрь 2013 жыл 11:15
Көрүүлөрдүн саны: 56

image

Куланактагы бала бакчага башка маселе менен барганбыз,барганда свет эскертилбей өчүп калгандыктан кыйынчылыктар жаралып жаткандыгына күбө болдук.Тарбиячы Перизат Сыдыковага кайрылганда бала бакча тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.

image

Бала бакчабыздын аты «Тангабийке- Бердике».2006 жылы АБР аркылуу ачылган,балдарды күнүнө 3 сааттан окутчубуз,андан кийин 2010 жылы бюджетке өтүп, ушу тапта 70 чукул балдарды тарбиялап жатабыз.Эски имарат болгондуктан бала бакчаны акырындык менен бутуна тургузуп келе жатабыз.
[…] Быйыл өзгөчө кеч ачылдык,анткени «Агахан»фонду менен иштешип келебиз.Жетекчибиз Таалайкүл Токсобаева проект жазып,проектибиз жарап бизге толугу менен жылуулук системасын коюп берди.Ремонт иштерине байланыштуу 16-сентябрдан баштап балдарды кабыл ала баштадык.

image

Азырда бүтпөй калган жумуштарыбызды 6-7 күндөрү иштеп жатышкан экен.Тарбиячы Назира Кыдыралиевага кайрылганда төмөндөгүдөгүчө баяндады.

image

«Биздин тайпада 30 бала бар, 9 саттык болуп эсептелинет.Бүгүн 27-сентябрь эртен менентен свет жоктугуна байланыштуу тамак ашты жасай албай,түшкү тамагын бышыра албагандыктан,азыр ата-энелерин чакыртып,балдарды таратып жатабыз.Свет жок учурда таратууга туура келет.

image

«Мен Айдакеева Сүйүмкан ашпозчу болуп иштейм.Балдарга 36 сомдун тамагы берилет күнүгө.Свет жоктугуна байланыштуу балдарга тамак берилбей жатат.Свет өчкөндө  тамак бере албай убара болобуз.Эшикке от жакканга шартыбыз жок,же казан жок,отун суубуз да жок болуп таратканга туура келет. Жок дегенде газыбыз бар болгондо таратпай тамактандырат элек».

image

«Мен Гулбарчын Сатылганова бала бакчада кенже тайпада жардамчы тарбиячы болуп иштейм. Биздин тайпада кроват жоктугуна байланыштуу 30 баланын төшөгүн жерге салып, кайра жыям». Ушундай көйгөйлөргө карабай балдарга тарбия берип келишет. Жаны эле пластилин сабагы өткөн экен. Балдардын жасаган буюмдары көз жоосун алат экен.

image

image

Ушул эле көйгөй А.Аралбаев мектебинде да бар экен.Себеби башталгыч класстарга түштө ысык чай берилет.Свет өчкөн учур да чай берилбей калат экен.
Авторлор:Айзат Түмөнбаева.
Жазгүл Кадыралиева.
Эркеайым Нарынбекова.