“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак:греко-рим күрөшүнөн көптөгөн ийгиликтерге жетишүүдө

30 Октябрь 2013 жыл 11:23
Көрүүлөрдүн саны: 73

Греко-рим күрөшү боюнча Казакстанга сапар алууда[…]
      Биз күрөш боюнча маалыматты тренер Назарбек агайдан алдык.
«Бул күрөштүн ачылганына бир жарым жылдай болуп калды.Толук айтканда 1 жыл 8 ай болду.Буюрса жакшы ийгиликтерге жетишип жатабыз.Ачылгандан 15күндөн кийин эле үчөө орунга жетишти.Жана дагы эл аралык мелдештерден көптөгөн орундарга жетишип келетабыз.Республикалык мелдештерге да барып жүрөбүз»

image

«Айыл өкмөт тарабынан марафон уюштуруп берилди.Ал марафондо спонсор болуп айылдаштарыбыз,туугандарыбыз,шаардагы байкелерибиз 9жарым метрлик килем алып беришти»-тренер Назарбек байке.

image

Бизге көйгөй болгон маселе күрөшкөн залыбыз тар болуп жатат.Ал жерге валейбол дагы ойношот.Улам чыгарып кайра тагып.Ушул боюнча көптөгөн жерлерге кайрылдык.Дагы деле эч нерсе боло элек.

image

Ийгиликтерге сөз берсек:Жакында Балыкчы шаарында болуп өткөн мелдеште Бейшенбеков Таалайбек,Кенешбеков Жыргалбек,Кулмамбетов Канимет,Кемелов Улук аттуу балдарыбыз 1-чи орунду камсыз кылды.Дагы байгелүү орундарды камсыз кылган балдарыбыз Шайлообеков Аскат жана Кыдыралиев Кабыл.

image

Дагы ийгиликтерди айта кетсем:Бейшенбеков Таалайбек республикалык мелдештерде 7жолу биринчи орунду ээледи.

image

«Мына бугун Казакстанга төрт бала алып кетип бара жатам.Алар:Русланов Ардак,Кемелов Улук,Мусалиев Арстан,Бейшенбеков Таалайбек.Буга Бишкек шаарынан атайын «Куланак коому»-деген коомдон жардам алып,кетип кетип бара жатабыз»-деп сөзүн бүтүрдү.

Автор:Русланова Газель