“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: мектеп жакшы жылыбайт

1 Ноябрь 2013 жыл 13:31
Көрүүлөрдүн саны: 58

Аралбаев орто мектебинде термометр үч даража жылуулукту көрсөтүүдө.Окуучулардын айрымдары сууктан колдору  үшүп, сабакта активдүү катыша албай жатышкандыгын айтууда.

image

Расул Болот уулу мектептин 7-классынын окуучусу. Сууктан колу үшүп, сабакка катышкысы келбей жаткандыгын айтты.

«Менин колум үшүп сабакка катышкым келбей жатат. Мектеп директоруна кайрылуу керек»,-деген оюн билдирди Расул.

image

Аралбаев мектебинин дагы  бир 9- классынын окуучусу Кундуз Темирбекова  мындайча токтолду.

«Кышында жылуулук берилип,кичине болсо да жылыйт.Ошентип кыштан чыгып кетебиз»

image

Мектептин мугалими: Элзада Иманкулова төмөнкүлөргө токтолду.

image

«Мектепке жылуулук берилсе да, суук болуп турат. Суукка байланыштуу башка күнгөй беттеги класска окутууга туура келет»

Аралбаев мектебинин директору Чынара Абдыкадырованын айтымында:

image

«Мектептин жылуулук системасы эскиргендигине   жана терезелери чоң болгондугуна байланыштуу жакшы жылыбайт. Бирок жылуулук системасын кайра жаңылантуу үчүн ар кандай каражаттарды издөөнүн үстүндө иштеп жатабыз»,-деди Чынара Абдыкадырова.

Автор: Сезим Ажыбек кызы, Перизат Кубанычбекова.
Сүрөт: Зулайка Мирлан
кызы