“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Жалгыз бой эне жардамга муктаж

1 Ноябрь 2013 жыл 13:29
Көрүүлөрдүн саны: 48

78 жаштагы Зейнеп эне Куланак айылында 15 жылдан бери жалгыз жашайт.

image

Биз үйүнө баш бакканда Зейнеп апа мейман тосууга камданып жатыптыр.

«Кечинде коңшуларым келет, даярданыпатам»,-деп керебетинин бир чекесине олтура кетти.

Он беш жыл мурда жалгыз баласы каза болуп, андан эки жыл илгери абышкасынан айрылган.

image

Зейнеп апанын жалгыздыгын бөлүшчү үйүндө мышыгы бар экен.

Айылда анын оокат-отунуна каралашчу айрым боорукер адамдар келип, кез-кези менен кол кабыш кылышат.

Апанын ден-соолугу күндөн-күнгө начарлап жатыптыр.

«Эшик-эликке кирип-чыгып турганыма Кудайга шүгүр»,-деп көзүнө жаш алды.

Автор: Алмаз Эшбаев, Найза Муканбет уулу
Сүрөт: Асыкулова Марина