2013-жылдын 20-ноябрында Ак-Талаа районунун Баетов айылында»Кызмат алуу укугуңузду пайдаланыңыз»аттуу ачык эшиктер күнү болуп өттү[…]
Баетов айылына Куланактан Осмонбек Өмүралиев жана
Калназар Ипасов агайларыбыз барып кайтышты.
Осмонбек агайдын айтымында «социалдык адилеттикке жетүү үчүн,ак ниет башкарууну илгерилетүү деген программанын негизинде коом боюнча иштер жүргүзүлүп,ошол багытта Баетов айылында өткөн ачык эшик күнүндө негизги маселелерди карадык.
Мектебинде жаштар театры уюштурулган. Азыркы күндөгү үй-бүлөнүн көйгөйү болгон зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча «Мен жашагым келет»аттуу сценкаларды мектеп окуучулары көрсөтүп,талкуу жүргүзүлдү.Буга кошумча кол-өнөрчүлүк боюнча да көргөзмө болуп,ага да катышып келдик.Бул ачык эшик күнү биринчи жолу өткөрүлүп жатканы менен өзүнүн максатына жетип,жакшы болду»-деп оюн билдирип өттү.
Андан кийинки сөздү Калназар агайга бердик»Биз Ак-Талаа районуна ачык эшик күнү боюнча семинарга барып келдик.
Ал жактан өзүбүзгө көп,жакшы нерсени алдык десем жаңылышпайм.Ал жактан да тажрыйба алып,өзүбүз ушул Куланак элине дагы бышык,сапаттуу кызмат көрсөтөлү деп ойлоп жатабыз.Алардын мектебинде «Үмүт»жаштар театры бар экен.
Ар кандай сценкаларды коюп беришти.Алардын өзгөчөлүгү артисттер гана ойнобостон,башкача кылып жасашыптыр.Биз өзүбүз менен сүрөттөрдү жана бизде жок көп нерселерди,өзүбүзгө тиешелүү иштерди ала келдик.Ошолорду биздин айылдагы калкка жайылтууну аракет кылып жатабыз.
Авторлор:Газел Русланова,Жазгүл Кадыралиева,Перизат Кубанычбекова