“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

ЫР КЕСЕ СИЗГЕ СУНУЛДУ

29 Ноябрь 2013 жыл 17:59
Көрүүлөрдүн саны: 204

 

1300255382_dsc04917

 

Улуттук баалуулуктарды даңазалоо, маданиятты көтөрүү максатында ар кандай иш-чаралар уюштурулуп келет. “Айыл кечи” деп аталган ыр кесе Нарын районуна караштуу Куланак айылында 27-ноябрда айыл тургундарынын катышуусунда өткөрүлдү.

Ыр кесенин негизги максаты кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, салт-санаасын, үрп-адаттарын, унутулуп бараткан ырым-жырымдарын көтөрүү менен бирге, кыргыз тилин өнүктүрүү, калктын маданиятын көтөрүү болуп саналат.

Иш-чарада айыл тургундары 4 тайпага бөлүнүп, бири-бири менен жарышышкан. Бул жолку ыр кесени №2 кварталдын “Биримдик” аттуу тайпасы уюштурган. Айылдык Кеңештин депутаты Осмоналиев Жумабек ыр кесе жарышында жеңген тайпага 30миң сом каражат бөлүп берүүсүн айткан.

Айыл аксакалы Султаналиев Тентигул ата “Манас” эпосунан үзүндү аткарып берип, өнөрпоздор жаштардын үйлөнүү үлпөт салтын көрүүчүлөргө тартуулашты. Мектеп окуучулары Назарбек уулу Арстан жана Бейшенбек уулу Таалай жаш жеткинчектердин грек-рим күрөшү боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

“Биримдик” тайпасынын катышуучулары: Жумагүл Өмүрова, Айгүл Бакубаева, Жетигенов, Абакиров, Кыдыралиева, Аскеримова, Жусупов, Өскөнбаева, Абдрахманова, Төлөгөновдордун аткаруусундагы ырлар көрүүчүлөр тарабынан мыкты деп табылды.
Автор: Дания Талгатбекова