“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

СПИД-бул XXI — кылымдын «чумасы». 1-декабрь бүткүл дүйнөлүк ВИЧ СПИДге каршы күрөшүү күнү[…]

5 Декабрь 2013 жыл 19:37
Көрүүлөрдүн саны: 107

Аралбаев мектебинде 9-класстар арасында СПИДге каршы таймаш болуп өттү.

image

Командалар «Ак жол», «Жалын жаштык» деген ат менен стенгазеталарын жактап, сценкада: «СПИД менен ооруган адамдын тагдырын» чагылдырып беришти.

image

Жыйынтыгында 9-б класс 47 балл менен жеңишке ээ болду. Ал эми  9-а классынын окуучулары 46 балл топтошту. 9-а классынын окуучуларына ден соолук, ийгиликтерди, мындан аркы сыныктардагы жетишкендиктерди каалайбыз.

image

«Биз СПИД бар өлкөдө жашайбыз» деген темада 10-классы тегерек стол өткөрүштү. Бул тегерек столдо окуучулар стенгазеталарын илишип талкууга алышты.

Бул жыйынга медицина кызматкерлери: Чүкүшова Гүлзамира, Акмолдоева Гүлгаакы эжелер келип, тереңирээк маалымат беришти.

image

«Биздин чөйрөдө СПИД менен ооруган адамдар жок эмес. Аларды сырткы келбетинен эмес, кандын анализи менен гана биле алабыз. Бул ооруну жугузуп албоо үчүн сак болуп, өз гигиенанарды сактагыла»- деп өз кеңешин, акыл насаатын окуучуларга айта кетти Гүлзамира Чүкүшова.
Автор: Дания Талгатбекова