“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Журналистиканын негизги максаты эмне?

13 Декабрь 2013 жыл 13:35
Көрүүлөрдүн саны: 152

unnamed (1)

Журналистиканын негизги максаты тууралуу кеп кылганда, көпчүлүгү объективдүүлүк, бейтараптык, оперативдүүлүк деп айтышат. Албетте чынчылдык, калыстык, ыкчамдык журналистиканын башкы эрежелерине кирет, бирок анын көздөгөн максаты жана негизги вазыйпасы жалпы элдин жашоосун жакшыртуу, калктын аң сезимин көтөрүү болуш керек.

Бул темада 28 ноябрда, Нарын облусунун, А.Аралбаев атындагы Куланак орто мектебинде өткөн тренингде кызуу талкуу болду. Окуу Мобильдик мультимедиа борборунун жаш журналисттерине арналып, ЮНЕСКО уюумунун колдооосун менен Кыргызстан ЖМК кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан өткөрүлдү.

Акыркы учурда, айрым маалымат каражаттары улут аралык кастыкты, жеке жана саясый чыр чатактарды жаратуучу материалдарды жарыялап жатышат. Айрым учурларда журналисттер билип билбей башкалардын колундагы курал болуп берип, жалпы элдин кызыкчылыгы четке кагылып калууда.

Талкуу учурунда жаш калемгерлер келечекте эч кимге сатылбастыгын, коррупция менен күрөшкөн, калктын камын ойлогон журналист болобуз деген жүрөктөн чыккан таза сезимдерин айтышты.

unnamed

«Мен мектептеги интернет басылмасына материал даярдап жүрөмүн. Бул иш мага кызыктуу. Келечекте мыкты журналист болсом деген тилегим бар. Ал эми азыркы мектептеги алган тажрыйбам келечектеги кесибиме даярдык болот деп ойлойм,» — дейт 8-классынын окуучусу Русланова Газель.

Журналисттер көйгөйлөрдү чагылдыруу менен чектелбестен, анын себептерин изилдеп, мүмкүнчүлүккө жараша маселени чечүү жолдорун дагы сунуш кылуусу зарыл. Катышуучулар тренер Мэри Бекешова менен бирге айылда болгон маселелерди, анын себептерин, чечүү жолдорун талкуулашты. Жыйынтыгында айылдагы көптөгөн маселелерге жергиликтүү эл өзү  себепкер болуп чыкты.  Мындай учурда журналисттин максаты элдин аң сезимин көтөрүп, маселени жалпылап чечип, жашоо шартты жакшыртууга, жаратылышты, жалпы тазалыкты  сактоого, ыксыз коротулган аш тойлорду азайтып, кирешени рационалдуу пайланууга үндөө болуп саналат. Бирок кеңеш катары айтылган кептин элге сиңиши кыйын. Мындай учурда ар бир адамдын жүрөгүнө жетип, айрым нерсеге мамилеси өзгөрүп, акылга акыл кошо турган терең материалдарды жаратуу журналисттин негизги максаты болууга тийиш.

Окуунун жүрүшүндө эмгек жана кесиптик укук тууралуу дагы талкуу болду. Катышуучулар ар бир кызматкерге зарыл болгон негизги эмгек укуктар менен таанышты. Жаш журналисттер үчүн эмгек укукту билүү, материал жаратууда маселени көрө билүүгө, жаңы темаларды жаратууга көмөк түзөт.

Бул окууда жаш калемгерлер ЖМК кызматкерлеринин түйшүгү, укугу, аткарган милдеттери, жоопкерчилиги жана анын максаттарын дагы бир ирет бекемдеп алышты.

Даярдаган: Талгатбекова Дания