“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Күлкү менен, шаң менен Жаңы Жылды тосолу…

20 Январь 2014 жыл 18:16
Көрүүлөрдүн саны: 36

Нарын районунун Куланак айылынын А.Аралбаев атындагы орто мектебинин окуучулары өзгөчө бир шаң менен жаңы 2014-жылды тосуп алышты. Майрамдык балаты 24-декабрда мектептин актовый залында уюштурулуп Аяз ата, Аяз кыз жана жомоктогу каармандарын катышуусунда өткөрүлдү. Башка жылдардан айырмаланып бул жылы майрамдык балатыга Бишкек шаарынан жаш артисттер келишип, бөбөктөрдүн көңүлүн майрамдык маанайга бөлөп, ата-энелердин да ыраазычылына татыды. Бөбөктөрдүн ыр-бий жана башка өнөрлөрү көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

2014-01-19-100

3 — “б” классынын алдыңкы окуучусу Бүбүсара Сейталиеванын айтымында: “Мен мындай Балаты майрамын биринчи жолу тостум. Мага жомоктогу сыйкырчы кыз, Аяз кыздар абдан жакты. Убакыт кандай өткөнүн байкабай калдым. Жомоктор дүйнөсүнө дагы баргым келет”, — деп майрамдын шаңдуу өткөнүн баса белгиледи.

20131224_120056

“Балаты майрамына кызым Акакты колдоп, катышайын деп келгенмин. Жылдагыдан майрам өзгөчө өттү. Балдарыбыздын артында туруп, биз дагы эрксизден Балалыктын асманына кайрылдык. Көңүлүбүз көтөрүлүп, ыраазы болуп кайттык.”, — деп кошумчалады ата-энелердин катарынан Абыкеева Гүлай.

Автор: Дания Талгатбекова