“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Айыл Өкмөттүн жылдык отчёту

24 Январь 2014 жыл 20:16
Көрүүлөрдүн саны: 49

Учкун айыл округунун жашоочулары үчүн 2014-жылдын 20-январында жылдын жыйынтыгын чыгаруу үчүн атайын чогулуш болуп өттү. Чогулушка Нарын райондук администрация башчысы Т.Жанбоев жана башка мекеме жетекчилери катышышты.

20140120_134050

Эл алдында Учкун айыл округунун башчысы Ж.Мүдүнов аткарган ишинин бир жылдык отчетун берди. Ал 2013 – жыл ичиндеги ийгиликтерди жана болуп жаткан кемчиликтерди белгиледи. Эл ичинен айрымдары кызыктырган суроолорун берип, учурунда жооп алышты. Мындан сырткары, А.Аралбаев атындагы орто мектебинин директору Ч.Абдыкадырова, “Таңгабийке –Бердике” бала-бакчасынын башчысы Т.Токсобаева жана башка ишкерлер жылдын отчетун беришти.

Чогулуштун аягында  Учкун айыл округунун башчысы Ж.Мүдүнов тарабынан иштеги жетишкендиктери үчүн жайыт комитетинин төрагасы Жусупов Тыныбек, “Таңгабийке- Бердике” бала-бакчасынын башчысы Т.Токсобаева, А.Аралбаев орто мектебинин директору Ч.Абдыкадырова, математика мугалими Г.Асанбаева, башталгыч класстын мугалими Абиева Толкун, химия мугалими Мааметова Клара “Ардак грамоталар” менен сыйланышты.

Учкун Айыл Кеңешинин депутаты Т.Чүкүшов балдардын муз аянтчасына Нарын районунун администрация башчысы аким Т.Жанбоевден акчалай жардам берүүсүн өтүндү. Өз кезегинде администрация башчысы 10 000 сом өлчөмүндө акча каражатын берерин билдирди.

20140120_134826

Чогулуштун катышуучулары жана аким жолдош Мүдүновдун алып барган ишин канааттандырарлык деп табышты.

Автор: Дания Талгатбекова, Эркинай Нарынбекова