“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Айыл уулдарынын урматы

25 Январь 2014 жыл 17:03
Көрүүлөрдүн саны: 73

 

“Элим үчүн жүрөк оорусун,

 Жерим үчүн жүрөк оорусун”- деп акындар ырдагандай, өз Мекенинин ар бир өткөн күнү үчүн ойлонгон Куланак айылынын кулундары ай сайын, жыл сайын Нарын шаарында чогулуп, туулуп-өскөн жерине колунан келишинче жардам берип келишет. Облусубуздун борборундагы айлыбыздын уулдары түзгөн “Элим Жерим” коомдук фонду дагы өткөн 2013-жылы үчүн өз ара жердештер алдында отчет беришти. Коомдун төрагасы Темирлан Чүкүшов белгилегендей, фондго 2013-жылы адегенде 14 000 сом өлчөмүндө акчалай каражат топтолгон.

M2U01579[14-03-39]

“Элим жерим” фонду тарабынан Куланак айылынын А.Аралбаев орто мектебинде грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында кружок ачылып, бүгүнкү күндө бир нече окуучу спорттун бул түрүнүн катышуучусу болуп келет. Бейшенбеков Таалайбек, Кулмамбетов Канимет, Кубаталиев Улук, Кеңешбеков Жыргалбектер азыр бир нече медалдардын ээси. Алардын машыктыруучусу Мусалиев Назарбек дагы тренерлик милдетти аткарып, өз жемишин көрсөтүүдө. Спорт тармагына фонддон 10 000 сом бөлүнүп берилген.

M2U01596[14-06-58]

“Мыкты Айыл Өкмөтү” конкурсуна карата даярдык көрүүдө 23 000 сом акчалай сарпталып, жол боюндагы үйлөр үчүн 3 км штакетник даярдоого жумшалган.

2013-жылы жалпысынан алганда 33 000 сом фонддон жумшалган.

2012-жылда фонддун мүчөлөрү тарабынан 21 000 сом банкка төгүлсө, 7 000 сом акчалай сарпталган. Ал эми Т.Чүкүшов тарабынан “Сострадание” уюмунан 30 000 сомдун өлчөмүндө айыл тургундары үчүн 200 адамга кийим-кечек таркатылган. Нарын шаарынан фондго 20 адам мүчө болуп, анын 14 мүчөсү акчалай салым кошушкан.

M2U01602[14-02-09]

Куланак айылынын аксакалы 85 жаштагы Калыбек Абдышүкүров фонддун уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, батасын берди. Ал эми куланактык акын  Айым Талгатбек кызы айылдын патриот уулдарынын ишине ийгилик каалап, жердештерине «Куланагым» деген ырын окуп берди.

Автор: Дания Талгатбекова