Алгачкы белгилери: малдын шилекейи агып, чөп жей албай, бир орундан жылбай калат.
Ооз көңдөйүндөгү терилери сыйрылып, мал тилин күрмөөгө жарабайт.
Шарп туяктан дагы кармашы мүмкүн. Чөп жей албай калганда, марганцовка кошулмасы менен ооз көңдөйүн чайкап, суюк жарма менен азыктындырышат.
Албетте, малды бул абалга жеткирбей, алдын ала профилактикалык иш-чараларды көрүү зарыл.
«Шарп болгон малдын этин жебеш керек, сүтүн ичпей, эмдетүү керек»-дейт айыл тургуну Урмат Жолдошбек уулу
Авторлор:Баяман Барктабасов, Перизат Кубанычбек кызы, Зулайка Мирлан кызы