Мында Ж.Садыковдун драмасынан үзүндүлөр көрсөтүлдү.
Окуучулар сабакка жакшы даярдык менен келишкендиги байкалды.
Каныкейдин ролунда Асанова Айзат, Жакыптын ролунда Калдарбеков Улукмырза, Бакай- Муханбетов Жалгаш, Бакдөөлөт- Жолдощбек кызы Нуржан, Семетей- Жолдощбек уулу Адилет, Абыке- Зайырбек уулу Адилет, Көбөш- Калдарбеков Али, манасчы Дайырбек уулу Эльмурат болушту. Аты аталган окуучулар текстти жакшылап гана жаттабастан, артисттик өнөрү дагы бар экендигинен беришти.
Сабактын алдында мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы М.Тособаева, Кыргыз тили мугалими А.Асанбековалар жакшы ой-пикирлерин айтышып, мугалими Ашыралиеванын ишине ийгилик каалап кетишти.
Сахна-сабак өз максатына жетти.
Автор:Дания Талгатбекова