Бугун көптөн күткөн муз аянтчасы ачылды.Ачылышка мектеп окуучүлары,мугалимдер,муз аянтчасына демөөрчү болгон Нарын районундагы Замандаш»партиясынын жетекчиси Жийдегүл Момуналиева жана Калман Исаеевич катышты.Алар төмөндөгүлөргө токтолду:
Биздин максатыбыз айыл жергесин,шаардын,дегеле Кыргызстандын экономикасын көтөрүү жана дагы балдардын ден соолуктарын чыңдоо,музда жүрүү эрежелерин үйрөнүшүп,башка балдардай конькини да,лыжаны да билиш үчүн спонсор болуп жатабыз, деп оюн билдирип өттү.
Балдардын маанайын сурап өттүк,алардын жообу төмөндөгүчө болду:
Абдан көңүлдүү болуп жатат,баарыбыз кубанычтабыз муз аянтчасын жасагандарга терең ыраазычылык билдиребиз деп кубанычын жашырышкан жок.
Конькини арендага алып келгендиктен 2-3күн гана тебишет.Дагы сүйлөшүп алып келишери тууралу сөз болду.Кызыгына келгенде теппей калышаары жөнүндө да айтып.бирок эмки жылга өзүлөрү коньки даярдап коюшары жөнүндө балдар кошумчалады
Мен биринчи жолу тээп жатам .Менде башкача сезимдер пайда болду.Мындай жакшы нерселер биздин айылда көп болуп турса жакшы болмок.Биринчи көнө албай жыгылып жаттым.Экинчи күнү көнүп кеттим»-дейт биринчи класстын окуучусу Нурбек уулу Нуртай.
Автор:Газел Русланова,Эркинай Нарынбекова