“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак айылында»Социалдык акыйкаттуулукка жетүүгө ак-ниет башкарууну илгерлетүү»жыйыны болуп өттү

16 Февраль 2014 жыл 15:15
Көрүүлөрдүн саны: 43

image

Европа Биримдиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун «Социалдык акыйкаттуулукка жетүүгө ак-ниет башкарууну илгерлетүү»биргелешкен долбоору тарабынан Учкун айыл аймагында иш-жузунө ашырылып жаткан долбоорлор туралуу жергиликтүү калкка кеңири маалымат берүү жана коомчулукка тийгизе турган пайдаларын талкулоо максатында Коомдук угуу уюштурулдү

image

Жыйынга Куланак айылынын тургундары,айылдык кеңештин депутаттары,мектеп мугалимдери , «Теңир-Тоо»гезитинин жетекчиси ж.б катышышты

image

Бул жыйындын максаты жөнүндө ушул долбоордун кызматкери Кубаныч агай айтып өттү:
«Учкун айыл кеңешинин депутаттары менен ЕБ жанс БУУ «Социалдык акыйкаттуулукка жетүүгө ак-ниет башкарууну илгерлетүү»долбоору тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу жалпы элдин арасында талкуу жүргүзүү жана элден ар кандай сунуштарды алуу максатында жана коомдук угуу өткөрүү демилгесин көтөрүү

image

Бул жыйынды  «Нар-Юст»коомдук техникалык бирикмеси жана «Элим-Жерим»коомдук фондусу аркылуу өтүп жатат.Коомдук угууну 4долбоор камтыйт жана бул долбоорлор  жергиликтүү калктын кандай жашоосуна таасир бергенин баамдай алышат жана элдердин бул тууралуу оюн билебиз.

«Социалдык акыйкаттуулукка ак-ниет башкарууну илгерлетүү»долбоору 2011-жылдын октябрь айында ишин баштаган 2014-жылдын октябрь айына чейин аткарылат.
Бул долбоор жарандардын айрыкча калктын социалдык-аярлуу катмарларын: аялдардын,балдардын жана жаштардын укуктарын камсыздоо максатында Кыргызстандын облустарында , мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө тең укуктун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана ага жетишүүгө багытталган

Долбоор ООН агенттиктери тарабынан жүзөгө ашырылат.Европалык Биримдик БУУ менен биргеликте долбоорду кошо каржылайт

image

«Ушул долбоорго байланыштуу Куланак айылында да мультимедный центр ачылган.Биз буга Куланак айылынын ар кандай көйгөйлөрүн жазып «kulanak.kloop.kg»атайын сайтына жазып чыгарып турабыз.Жанылыктарды элдер ушул сайттан окуй алышат.Бизде ачылганына 7-8ай болуп калды.Бул долбоор биздин келечегибизде проблемалардын үстүндө иштегенди үйрөтөт»-деп кошумчалады Рахатбек уулу Бекболот.

Автор:Газел Русланова