“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак айылында «Айыл кечи»аттуу ыр сынагы болуп өтүүдө

18 Февраль 2014 жыл 15:57
Көрүүлөрдүн саны: 53

«Өткөн ыр сынакты «Ынтымак»көчөсү кыз узатуу менен «Биримдик»көчөсүнө өткөрүп беришти[…]

Бул конкурстун максаты жөнүндө айылдын сыйлуу адамы Жаныл апа баяндады
«Мунун  максаты дайыма ынтымакта болуп,ушундай нерселерди коюп,элибиз ушул жерге чогулуп тилектерин айтышып,бир күн болсо да ачып кетишет.Дагы көп-көп ушундай нерселер болуп турса дейт элем»-деп сөзүн бүтүрдү.

Андан кийин ушул жөнүндө маалыматты комиссия мүчөсү Майрамбек  агайга бердик. Ал:- Бул сынак 1 жылда 4жолу болот.Өз өзүнчө ат коюшат жана дагы
«Кыз узатуу» , «Келин алуу»,»Жентек той» жана «Бешикке салуу» деп бөлүнүшөт. Ошого жараша даярданышат.
Конкурстун аягында сөз өткөрүп алуучуларга берилди.
Алар да каалоо тилектерин айтышып,өз көчөсүн «Береке» деп аташты.
Автор:Газел Русланова,Элжанат Оболбек уулу