Кыргыз ССРинин эмгек синирген врачы, Лениндин 100 жылдыгына карата медалынын, Кыргыз ССРинин ардак грамотасынын ээси, бир нече жолку Нарын областтык, райондук советинин депутаты Женишгул Султанова озунун суйгон кесибине омурунун 45 жылын арнады.
Нарын облусунун ардактуу атуулу наамын алган Женишгул Султанова ардактуу эс алууга чыкса дагы жаш адистерге жана кызы дарыгер Майрам Кочиевага баалуу кеп кенешин берип, коп жылдык тажрыйбасын болушот.
2009-жылы коп жылдык эмгеги учун озу иштеген Куланак
айылдык участкалык оорканасына ысымы берилди.
» Мен 1942-жылы Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылында туулгам. 1965-жылы Кыргыз мамлекеттик мед.институтунун педиатрия болумун аяктап, эмгек жолун Куланак участкалык ооруканасынан баштадым. 1уул, 4кыздын энесимин, неберелеримдин чон эне, таянесимин. Азыркы убакта ардактуу эс алуудамын, уй тиричилиги менен эле алектенем. Жээн неберелерим менин жолумду жолдоп мед. институтунда окуп жатышат.»-дейт Женишгул эже.
Ардактуу эс алууга чейин элге кызмат кылып, азыркы учурда омурлук жолдошу Токтобек Кочиев менен бактылуу омур суруудо.
автор: Дания Талгатбекова