“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Макый ата көчөсүнүн тургундары таштандылардын алынуусун каалашат

7 Май 2014 жыл 14:51
Көрүүлөрдүн саны: 48

20140507_102346-1

Макый ата көчөсүнүн жашоочулары төрт жылдан бери короосуна жакын төгүлгөн таштандылардан зыян көрүп жаткандыгын айтышты. Учурда аталган көчөөнүн жашоочулары арыз даярдап аны айыл өкмөткө жана санэпид борбруна жөнөтүүнү мерчемдөөдө.

Айылдын тургуну Бакыт Кулумбаевдин айтымында таштанды төккөн адамдарга көп эле жолу айтабыз бирок эл чукулдугуна карап эле болбой бензинибиз көп кетип калат деп эле төгүп жатышат.

20140507_105009

Бакыт Кулумбаев

«Ал жактан бала бакыра, эл өтүп жатат оору жугат, чаң сапырылып тамакка кирет, кимге кайрылаарыбызды деле билбей калдык. Атайын таштанды төгүлчү жай бар ошол жерге төгүшсө айыл ичи таза болоор эле»,-деп билдирди Макый ата көчөсүнүн жашоочусу Бакыт Кулумбаев.

Айылдын дагы бир тургуну Мирлан Илиязбековго таштанды темасы тууралуу оюн угалык деп кайрылганыбызда, төмөндөгүчө жооп берди.

20140507_104227

Мирлан Илиязбеков

«Эми ал жерге төгүп жатканда айтып эле жатабыз, айткан менен элдин ыйманы жоголуп баратат. Бири көрүнүп төгөт, бири көрүнбөй төгөт. Эми биздин балдар ал жерге мал айдап жүрүшөт, сынган айнек бар — коркунучтуу. Өлүк жаныбарларды ошол жерге ыргытышат, ошонун жыты баш ооруга алып келет. Тазалык жок айыл өкмөт көзөмөл кылып турса жакшы болмок эле»,-деген ою менен бөлүштү аталган көчөнүн жашоочусу Мирлан Илиязбеков.

Илиязбеков кошумчалагандай, алар учурда айыл өкмөтүнө жана санэпид борборуна арыздарды даярдап жатышат.

20140507_102459-1

Айыл өкмөт башчысына элдин арызы жеткен соң кандай жооп болот күтө туралы. Биз кайрылганда, элдин арызынын негизинде гана бул тууралуу иш-чара жүргүзө тургандыгын билдирди Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Нурлан Болотбек уулу.

Автор: Эркинай Нарынбекова