А.Аралбаев орто мектебинде 1-июнь балдарды коргоо күнүнө арналган атайын чакан майрамдык кече болуп өттү.
Буга айыл өкмөт тарабынан уюшулуп,атайын бөбөктөргө балмуздак берилип,балдардын маанайын кичине болсо да шаңга бөлөп кетишти.
Бул кече абдан жакшы өтүп жатат.Бизге мультиктердиа көрсөтүп,балмуздак таратып,биздин көңүлүбүз көтөрүлүп жатат.Бүгүн балдардын бардыгынын көңүлү жакшы,ырдагысы келгендерди ырдаттырып,аларга белектерди беришти.Мындай кечеге мен былтыртан бери катышып жатам,-деп мектеп окуучусу Саадат Бейшенбек кызы өз оюн билдирип өттү.
Андан кийинки сурообузду 4-классынын окуучусу Алиман Назарбек кызына узатып,төмөндөгүдөй жоопторду ала алдык.
Бүгүнкү балдардын күнүнө арналган салтанат абдан жакшы өттү.Айыл өкмөткө чоң рахмат,минтип атайын балдарга уюштуруп бергени,балдарга абдан жакшы болду деп кубанып сөзүн аяктады.
Метепте кенже кызматкер болуп эмгектенген Рита Абдрасуновадан бүгүнкү күн тууралуу сурап өттүк.
Бүгүнкү майрамдык кече абдан жакшы маанайда өттү.Айыл өкмөт тарабынан берилген балмуздактар,айтылган каалоо- тилектер балдардын маанайын көтөрдү.Балдарга ушинтип көңүл бөлүнүп турса жакшы болот-деп оюн билдирди
Андан кийин балдардын маанайын дагы көтөргөн бул-кара жорго бийи болду.Балдардын баарын кара жорго бийине көңүл бурдуруп,каалагандар бийлеп да киришти.Ошентип кече кара жорго бийи менен аяктады.
автор:Перизат Кубанычбекова