“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Көпчүлүктүн көйгөйү болгон кан басым оорусу

10 Июнь 2014 жыл 13:45
Көрүүлөрдүн саны: 56

Күндүн ысышы жана кургакчылык көптөгөн ооруларга көйгөй жаратат.

Айыл тургуну Кызылкүл Жолбунова күн ысыганда кан басымынын жогорулашын билдирет: «Мен алты жылдан бери кан басым оорусу менен алышып келем. Менин кан басымымдын жогорулашы же төмөндөшү аба ырайдан көз каранды, күн ысып кеткенде кан басымым көтөрүлүп же түшүп кетиши мүмкүн. Аба ырайы өзгөргөндө бат-бат кан басымымды текшерип, дары ичип турам».

image

Кызылкүл Жолбунова

Куланак айылдык стационардын бөлүм башчысы Майрам Көчиеванын айтуусунда Куланак айылынын тургундарынын дээрлик 40%и кан басым оорусу менен катталган.
«Кан басым оорусу  кургакчылыкка өтө деле көз каранды эмес. Бирок ал башка ооруларды козгогон оорулардын катарына киргендиктен кургакчылыктан көз каранды деп айтууга да болот.  Себеби кургакчылык адамдын ден соолугуна таасир этип кан басымдын жогорулашына алып келет.

image

Майрам Көчиева

Бирок ар бир айыл тургундун өз убагында дарыгерге кайрылып турууга мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, Айылдык ден соолук комитети иш алып барып, айыл тургундарынын ден соолугуна кам көрүүдө. Бул комитеттин мүчөсү Рита Абдрасулова: «Биз ар бир ай сайын айыл тургундарын текшерип, кан басымы жогорулаган же төмөндөгөн адамдарга дары берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүс»,- дейт.

image

Куланак айыл тургундарынын кан басымдарын текшерүү учурунда.

Бирок дарыгерлер биринчи кезекте ар-бир адам өзү ден-соолугуна туура кам көрүп турушу керектигин билдиришет.
«Бул ооруну алдын алуу үчүн стресс болбой, туура тамактанып, физкультура менен машыгып, чылым чекпеши, ичимдик ичпеши керек. 40-50 жаштан кийин адамдар ҮДТга келип текшерлип турушу зарыл. Кээ бир тукумунда кан басым оорусу барлар алдын-ала врачтарга  текшерилип даары ичип туруусу керек»,-дейт Куланак айылдык стационалдык бөлүм башчысы М.Көчиева.

Авторлор: Зулайка Мирлан кызы,
Ырскүл Акматбек кызы