“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Кыяндын капташы айыл тургундарына көйгөй жаратууда

10 Июнь 2014 жыл 17:01
Көрүүлөрдүн саны: 58

Куланак айылы тоого жакын жайгашкандыктан, кыян көп болот. Бул экономикалык  жактан гана чыгымдарды алып келбестен,  кошуналык мамилелерди да бузуп келүүдө.

image

Кыяндан кийин

Куланак айылынын тургундары жаандын жаашын кубануу менен же  өкүнүү  менен  тосуп  алаарын билишпейт. Бир  чети,  жаан  өсүмдүктөрдүн  өсүшүнө пайда  келтирсе, бир  жагынан,  кыяндын  жүрүшүнө себепчи.

Кыяндан  жабыр  тарткан  айыл  тургуну  Нурбек  Абдыгазиев
мындай  дейт: «Мен ушул айылда Касымаалы ажы көчөсүндөгү турам. Кыян  илгертен бери эле каптайт, ойдуң жер. Атам салган үйдү каптап, полдор чирип, жарака кеткен. Жарабай калганынан кайра жаңы там салдым. Күн катуу жааганда арыктарды түздөп, кырдап кечке эшикте жүрөбүз. Көпүрөлөрдүн асты толуп калат. Эки-үч саат эшиктен  жүрөбүз. Түндө келет, күнү келет. Эптеп кетиребиз».

image

Н.Абдыгазиев айыл өкмөтү жана МЧС тарабынан дээрлик жардам көрүлбөгөнүн билдирди.

Ал эми Куланак айылынын МЧС кызматкери Эмил Орокчуев тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатканын, бирок бул иштердин көлөмүнүн аздыгы каражаттын жеишпестигине байланыштуу экендигин билдирет. «Быйыл болгону 70 миң сомдун тегерегиндеги акча каражаты бөлүндү. Айылдын чыгыш тарабындагы канал гана бүтүрүлдү. Айыл тургундары Губернаторго ушул аймакка көпүрө куруп беруусу жөнүндө кайрылуусу ишке ашып, жолчулар менен кеңешип, быйыл болбосо да эмдиги жылы курулганы жатат», — дейт МЧСтин кызматкери Эмил Орокчуев.

image

Айылдын чыгыш тарабында МЧС оңдоп чыккан канал

Куланакта бат-баттан болуп турган кыяндар айыл тургундарына экономикалы жактан чыгымдарды гана алып келбестен, кошуналар ортоундагы мамилелерди да бузганга себепкер болууда.

«Кыян болгондо тургундар өз короо жайын коргоо үчүн сууну кошунанын арыгына бурууга барышат. Анан урушканга туура келет», -дейт айыл тургуну Доктурбек Самудунов.

МЧС тен же Айыл өкмөтүнөн жеткиликтүү жардам болбогондон кийин айылдыктар өздөрү биригип, аракет кылып көрүшсө — кыян келчү каналдарды тазалап турушса, кыяндын зыянынан жана кошуналар ортосундагы пикир келишпестиктерден арылышат беле.

Авторлор: Жазгүл Кадыралиева,
Айжамал Жеңишбекова,
Земфира Бусурманкулова, 
Айзат Түмөнбаева.