“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Жаңы окуу жылына мектеп кандай жетишсиздик жана ийгиликтер менен кирди?

17 Сентябрь 2014 жыл 18:57
Көрүүлөрдүн саны: 104

wpid-20140530_111302.jpg

Куланактагы Аралбаев орто мектеби жаңы 2014-2015-окуу жылына кандай кемчилдиктер жана артыкчылыктар менен киргенин билүү үчүн анын директорун сөзгө тарттык.

Мектепте кандай жаңылануулар болду? Кандай артыкчылыктар менен жаңы окуу жылына кирдиңер?

— Мектебибизде 2014-2015-окуу жылында 1-сентябрдан тартып 502 окуучу билим алып жатат. Биздин эң биринчи максатыбыз билим берүү болгондуктан, былтыр бүткөн окуучуларыбыздын ЖОЖдорго өтүп жаткандыгы бизге чоң жетишкендик болуп саналат. Бир окуучубуз жалпы республикалык тесттен 179 балл алып, Нарын району боюнча 3-орунду алды.

IMG_1832

Андан сырткары республикалык жана айыл өкмөттүн бюджетинин жардамы менен мектебибиз толугу менен ремонттон өттү.

Кандай кемчиликтер болду?

IMG_1829
— Бизде негизинен оорччундуу деле кемчилик жок. Болгону мектепте июнь айынан бери электр энергиясы берилбей келүүдө. 1-4-класстын окуучуларына берилчү ысык тамактан кыйналып калдык. Эми 15-сентябрдан тарта жарык берилди. Баары өз ордунда.

IMG_1842
Андан сырткары мектепте парта жана отургучтар жетишпейт. Информатика сабагын өтүү үчүн болгону үч компьютер менен балдарга сабак өтөбүз. Компьютерлер керек.

Маектешкен: Дания Талгатбекова