“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Алыскы  жолго  карабай сабакка  күндө келем.

13 Декабрь 2014 жыл 14:37
Көрүүлөрдүн саны: 22

Куланак айылынан 3 км  алыстыкта жайгашкан  “10 сарай”  аттуу  аймак  бар. Бул  аймакта  жашаган  айыл  тургундарынын  20 ашуун  окуучу балдары жолдун  алыстыгына  карабай сабакка  келип, көнүп калышкан.

20141213_142224

“Баштан  эле  алыска келип  жүрүп  көнүп калгам,бат  басып  ысыйбыз.  Кээде,  эле  кеч  чыгып  калып  кечигебиз. Саат  7  жарымда үйдөн чыгабыз. Чыкканда  караңгы  болот. Караңгыга  байланыштуу  кеч  чыгып калабыз. Кээде  болсо машина  болуп  калса  эрте келебиз”, -дейт  мектептин 9 “Б” классынын окуучусу  Айкөкүл  Алтынбек кызы.

Айкөкүлдүн  класс  жетекчиси Замира Байсубанова  мындай  деди. “Алыстан  “10  сарай” аймагынан бери окучум  Айкөкүл Алтынбек  кызы  келет. Бир да  сабактан  калбайт. Кечикпей  келип, убагы  менен кетет.Кызым жалаң  “4” жана “5”  деген  баалар  менен  окуйт”.

Ал эми 9а— классынын  класс  жетекчиси  Айымкүл  Асанбекова ушул көйгөй боюнча өз оюн билдирди.  “Алыста  жашаган  окуучулар  кээ бир күнү  сабакка келет. Азыркы  суукка  байланыштуу келбей  калган  балдар  да  бар. Кээде  кечигип  келишет. Кыйналып эле  келип  жатышат.Атайын  транспорт  болбогондон  кийин  кыйналып эле  окуп  жатышат ”, — дейт Айымкүл  Асанбекова.

20141213_142249

Жолдун  алыстыгына  байланыштуу  жакшы  окуган  окуучулар  начарлап жаткандыгын  баса белгилейт  класс  жетекчиси.

“Суук   аябай  катуу  болгондуктан  балдарыбыз кээде  сабактан  көп калышат. Мектеп  менен  үйдүн  аралыгы  1  сааттык  жол.  Катуу  сууктан балдарыбыз  ооруп  жатышат. Бут  кийим  түтпөйт.  Эртең  менен  саат  7  жарымда , караңгыда чыгышат. Түштөн  кийин  окуган  балдар  6  саат  алган  күндөрү  караңгыда  келишет . Ээн  жолдон  коркобуз”,-  дейт   “10  сарай” аймагынын  тургуну  Айжан  Койчуманова.

20141213_104559

Жолдун  алыстыгына  карабай, “10 сарай” аймагынын окуучу балдары билим алуудан талыкпайт.

Даярдагандар: Айзат  Тумөнбаева,Чинара  Аттокурова, Жазгүл  Кадыралиева,  Адилет  Жолдошбеков.