Таңгабийке-Бердике бала бакчасы кышкыга жылуулук менен толук камсыздандырылган.
Куланак айылындагы бала бакчанын директору Таалайкул Токсобаеванын айтымында айыл окмоту тарабынан 18 тонна комүр түшүрулгөн. ”Көмур, электр энергиясы дагы жыл сайын айыл окмоту тарабынан каржыланып турат.Бугунку күндо бала бакча жылуу , балдар толук келип жакшы иш жургузуп жатабыз.”
Кичинекей Айсулуу бала бакчага барууну жакшы көрөөрүн айтты.”Бакча абдан жылуу. Ал жакта достор менен мектепке чейин даярданабыз”. Ошондой эле айыл тургуну Чынара Аттокуруванын 3 жаштагы кичинекей Эгемберди дагы аталган бала бакчага барат. “Мени айылдагы бала бакча бардык шарты менен канаттандырат. Жылуулук бакчада кышкысын дайыма сакталып турат”.
Таңгабийке-Бердике бала бакчасы азыркы кундо келе жаткан Жаңы жылга даярдык көрүп жатышкан учуру экен .
Даярдагандар : Эркинай Нарынбекова,Самара Рыскелди кызы , Мээрим Алмазбек кызы.