“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Бала бакчадагы орус тилин окутуу

13 Декабрь 2014 жыл 12:19
Көрүүлөрдүн саны: 28

Куланак айылынын “Танга бийке-Бердике” бала бакчасына 130дан ашуун бала барууда. Бугунку кундо экинчи эне тилибиз болгон балдарга  орус тили сабагы отулуудо.

20141125_095704

Бала бакчанын жетекчисинин орун басары Назира  Кыдыралиевага кайрылганыбызда мындай деди. “Бала бакчадан эле балдардын тили жатыксын деп тайпадагы балдарга орус тили сабагы өтүлөт.Балдар орус тил сабагынан өздөрүнүн аттарын айтып, күнүгө бирден жаны сөздорду үйрөнүшөт.Буюрса жакшы оздоштуруудо”.

Орус тил мугалими Азиза Айтиеванын айтымына караганда балдарды бала бакчада 5-6 жаштан баштап окутат. “Балдардын оздоштуруусу жакшы. Ар бир баланын денгээлине жараша мамиле жасайбыз. Кээ бир бала орус тилин  бат кабыл алат, кээ бири жай кабыл алат”, — дейт Азиза Айтиева.

20141125_095354

Ушул бала бакчага барган балдардын ата- энелери, балдардын орус тилин уйронуп жаткандыгына абдан ыраазы. “Балдарыбыз орус тил сабагын жакшы корушот. Кундон-кунго кызыгуусу артылууда,”- дейт кичинекей Рахаттын апасы Мээрим Жакыпова.

Жомоктун каарманы, кичинекей Акылай: “Бала-бакчада мага орус тил сабагы озгочо жагат. Анткени биз жомокторду орус тилинде коебуз”.

20141212_140932

Оздору кичинекей болсо дагы, балдар экинчи эне тилибиз болгон орус тилин суйуп окушууда. Себеби бул келечегине чон жол ачылат.                                                                                                                                                                                          Даярдагандар: Жазгул Кадыралиева, Айзат Тумонбаева, Чинара Аттокурова.