Куланак айылында Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде кылмыштуулукту алдын алуу жана мектеп рекетин жоюу боюнча иш-чара болуп өттү.
Бул иш-чаранын алдын алуу боюнча Нарын районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Кожоканов мындай деди. ”Биз бул семинардын алдын алганыбыздын себеби , азыркы учурда мектептеги рекет кеңири тарап кеткен ушул көйгөйду жоюу максатында алдын алганбыз .Бул маселе жеке эле райондордо эмес республика боюнча каралып жатат .Биз укук коргоо органдары менен биргеликте иштеп жатабыз”,- деди Марат Кожоканов.
Ал эми ички иштер болумунун орун басары милициянын майору Мирлан Сейитназаровдун айтуусунда азыркы учурда укук коргоо органдардар кылмыштуулукту алдын алуу боюнча иш-чараларды өткоруп жатат. Мисалы, анализде көрсөтулгондой кылмыштуулук жылдан –жылга азаюда. Былтыркыга салыштырмалуу быйыл кылмыш аз катталды.”-деди Мирлан Сейитназаровдун .
Куланак орто мектебинин 11-классынын окуучусу Канат Чолоков бизге берген интервьюсунда мындай деди.” Мен кичинекей кезимде мектеп рекети күч алып турган эле, азыр жокко эсе. Мектеп рекети бара-бара жоюлат. Муну тез жоюуга болбойт. Анткени кээ бирөө билгизбей жасайт”, — деп айтты Канат Чолоков.
Мындай иш-чаралар дагы өтөөрү бышык. Көйгөй жараткан кылмыштуулук акырындык менен жоюулат деген ойдобуз.
Даярдаган: Айзат Асанова, Ырыскүл Акматбек кызы, Зулайка Мирлан кызы.