“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак:  Мектептеги типтуу ашкана ишке киргизүүнүн алдында

13 Декабрь 2014 жыл 17:01
Көрүүлөрдүн саны: 51

Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде                 ата-энелер жана мугалимдер жамаатынын жардамы менен жаны типтүү ашкана ишке киргизилет. Азыркы учурда ремонт иштери жургузулуудо.

20141114_161526

Жаны ашканага канча суммадагы акча каражаты кеткендиги тууралуу,  мектеп жетекчиси Чынара Абдыкадырова төмөнкүлөрдү билдирип кетти.

«Бул ашканага жалпысынан 130 мин. сомдой кетти. Бирок алдыда дагы жасалуучу иштер бар. Аны ата-энелердин жана демөөрчүлөрдүн  жардамы менен бүтүрөбүз деген  ойдобуз. Бул ишти декабрдын аягына чейин бүтүрүшүбүз керек, — дейт мектеп жетекчиси.

Январь айында мектепке жаны жабдуулар келет.  «Тамак ашты оптималдаштыруу» — деген ВПП  Программасына бул окуу жай киргизилген. «Өзүнөр ремонтту бүтүрөсүнөр, анан жабдууларды беребиз, дешкен ВПП Программанын жетекчилери. Ошого байланыштуу ремонт иштерин жүргүзүп жатабыз,» -деп сөзүн аяктады Чынара Абдыкадырова.

20141021_171941

8 жылдан бери ашпозчу болуп эмгектенип келген Жыргал Жумабаеванын айтымына караганда «эгер жаны типтүү ашкана ачылса,балдарга берилүүчү тамактын тизмеси озгортулот. Азыркы учурда балдарга компот жана жумасына 2 жолу сүттүү каша берилет. Ашкана ишке киргизилгенде тизмеге ысык тамак кошулат,» — деп оюн билдирип кетти.

Мурунку ашкана тар болгондуктан, башталгыч класстын окуучулары гана тамактана алышкан. Эми кенен жаңы типтүү ашкана ишке киргизилген соң,  чоң класстын окуучулары да тамактанып алса болоору белгилүү.

Даярдагандар: Перизат Кубанычбекова,Самара Рыскелди кызы,Мээрим Алмазбек кызы,Жылдыз Асанова,Эркинай Нарынбекова.