Кыргыздын улуттук оюну болгон тогуз коргоол оюнун мектеп окуучулары мүмкүнчүлүктүн жоктугунан улам төө буурчак менен ойноошууда.
Тогуз коргоол оюнун жан дили менен ойноорун 8-класстын окуучусу Ырыскүл Акматбек кызы өз сөзундө айтты: “тогуз коргоол оюну мага абдан жагат. Себеби бул оюн акылыңды өстүрүп ой жүгүртүүндү жакшыртат,”-дейт Ырыскүл.
Бул оюндун дене тарбия сабагында ойнотулушу эн жакшы жөрөлгө деп, өз сөзун баштады, мектеп деректорунун орун басары Жазгуль Кадыралиева. “Тогуз коргоол оюну 3-4-класстардан баштап окуу програмасына киргизилген . Бул оюн мектеп програмасына киришинин себеби, окуучулардын акыл жөндөмдүүлүгүн өстүрүп. Математика сабагы менен да байланышы бар”- дейт Жазгуль Кадыралиева.
Эгерде жаш муундар бул оюнду кызыгуу менен ойношсо тогуз коргоол оюнун ун унутулуп калбашына эч күмөнүбүс жок.
Даярдагандар: Зулайка Мирлан кызы,Рахат Марат уулу,Баяман Барыктабасов,Медер Асыкулов.