“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Бишкекте волонтерлорго өтүлүүчү тренингдин 1-күнү жыйынтыкталууда

14 Декабрь 2014 жыл 8:57
Көрүүлөрдүн саны: 48

Бишкек шаарында 13-14-декабрда Жамааттык мультимедиа борборлорунун (ЖМБ) кабарчыларына өтүлүүчү тренингдин 1-күнү жыйынтыкталып жатат.

Тренинг ЖМБнын волонтерлоруна өтүлүүдө. Волонтерлор телефон жана планшеттерге тиркемелерди орнотуу жана алар менен иштөөнү үйрөнүп жатышат.

Баардыгы 22 волонтер алардын көбүнчөсү жаш өспүрүм балдар жана кыздар. Тренингдин катышуучулары Кыргызстандын 4 облусунан келген (Нарын, Ысык-Көл, Талас, жана Чүй).

image

Тренингди Kloop.kg сайтынын редактору Элмурат Аширалиев өтүп жатат.

image

«Бүгүнкү тренинг абдан кызуктуу болуп жатат» дейт тренингттин катышуучусу Кубанычбек уулу Азамат.

image

Бул күнү волонтерлор төрт тиркеме орнотуп анда иштөөнү үйрөнүп жатышат.
«Азыр практикалык түрдө Word Press тиркемеси менен иштеп жатабыз»  деди тренингдин катышуучусу Бейшебаев Саламат.

image

Тренинг Фредрих Эберт (FRIEDRICH EBERT)фонд тарабынан каржыланган.

Даярдаган: Бекболот Рахатбеков.