“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Кызматы эл үчүн

20 Январь 2015 жыл 22:34
Көрүүлөрдүн саны: 115

Учкун айылдык кеңешинин депутаты. Куланак айылынын ардактуу атуулу, айылыбыздын медкызматкери Гүлзамира Чүкүшова жөнүндө сөз болмокчу.

 

DSC01267

«Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында биздин кээ бир кызматкерлер айлык акы аз деп бошонгон учурлар болгон. 6 айлап айлык албай иштегенбиз. Ошондой кыйынчылыктарга чыдап, иштеп келе жатабыз. Көнгөн жумуштан кете албайбыз да. Мен өзумдү жумуштун фанаты катары эсептейм»

DSC01286

«Мен бул ооруканага акушер болуп келип, 1996-жылы эмгек жолун баштагам. Ал убакта бул жерде төрөт бөлүмү бар болчу. Төрөт бөлүмүндө иштеп, кайра кош бойлуу аялдарды көзөмөлгө алып турчумун. Ушунча жылдан бери менин башыман далай кыйынчылыктар өттү».

 

DSC01404

«Жумуш күнүм айыл кыдырып, пациенттерге дары саюудан башталат. Биздики үй бүлөлүк дарыгерлер болгондуктан, көбүнчөсү чакырыктарда, эл кыдырууда өтөт. Бизде тез жардам жок да, кээде түнкүсүн да барууга туура келет».

DSC01336

Албан ийгиликтерге жетип, көптөгөн грамоталардын, «Курманжан датка» төш белгисинин ээси Гүлзамира Чүкүшова өз кызматы менен жаштарга үлгү боло алат.

DSC01302

«2010-жылы кандуу революциядан кийин медицина кызматкерлеринин аброю көтөрүлдү. Канчалаган адамдарды сактап калды. Медицина кызматкерлеринин түйшүгү оор экендигин түшүнүп, андан кийинки бийлик бизге айлый маянабызды кичине көтөрүп беришкен. Бирок көбөйгөнү менен азыркы рынок баасы көтөрүлүүдө. Азыркы алган маянабыз мурункудай эле тамак-ашыбызга эле жетип калат».

 

DSC01292

Ооруканада учурда заман талабына ылайык аппарат, инструменттер акырындык менен толукталып, жаңыланып келе жатат. Стационардык бөлүмгөжатууга шарты жоктор күндүзгү бөлүмгө жатып, дарыланса болот.

DSC01352

Гүлзамира эженин хоббиси узчулук экен. Анын жасаган шырдактары, курактары көз жоосун алып, бизди кызыктырды.

«Жумуш менен эле чектелбестен, үйгө келгенде шырдак шырып, жаздыкчыларды, төшөнчөлөрдү жасап үйүмдү кооздогонго аракет кылам.  Менин таенем шырдактарды, кийиздерди жасаган уз-чебер адам эле. Кичине кезимде эле анын жанында кошо жасашып жүрүп үйрөнүп алгам. Ар бир аялдын милдети үй оокаттарын жасоо, жасалгалоо»- дейт Гүлзамира эже.

 

Автор: Дания Талгатбекова