“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

мектеп жылдыздары

12 Март 2015 жыл 13:31
Көрүүлөрдүн саны: 284

А.Аралбаев атындагы орто мектебинде  8- март аялдардын эл аралык күнүнө  карата  4 жылдыз кароо сынагы болуп өттү.Бул таймашка 8,9,10-класстар жана ар бир класстан бир эне,бир ата,мугалим жанга окуучу катышып,кызуу таймаш откорушту.Максаты  мектеп менен ата-эненин байланышын жакшыртуу,балдардын жаны ойлор менен берилген тапшырмаларды  кызыктуу уюштуруп чыгышы.Айтып кеткендей эле таймаш абдан кызыктуу болуп өттү.

8-класстын окуучулары  кичинекей болушса да,байке- эжелеринен кем калышпай,абдан жакшы даярданып келгени корунуп турду.Бирок, албетте чон класстардын даярдыктары мыкты  экени да далил болду.

IMG-20150306-WA0017

Кароо сынакта эн кызыктуусу ,өз колдору менен ар кандай  фантазиясы менен жасашкан мода көрсөткөндүгу болду.Себеби колдон жасалган нерсе ар бир адамды суктандырбай койбойт.биринен бири калбай,биринен  бири озуп ,коздүн жоосун алган көйнөктөрдү жасашкан.Бири картадан кычыратып костьюм жазаса,бири салафандан койнок тигип,дагы бири газетадан,салфеткадан  кышкысын,жайкысын озунчо кылып көйнөк тигип чыгышкан.

Мындан тышкары коптогон тапшырмалар болду.Ар бир класска кыргыз эли мактана турган,таанымал актриса,бийчилердин образын сахнада чагылдырып берүү болгон. Бул тапшырманы бардык класс абдан жакшы даярдыкта көрсөтүп бергени бизди  кубандырды.Себеби кыргыз элинин нур жүздүү ,келишкен сулуулардын тарыхын унутуп калбастан,даана,так көрсөтондүгүндө болду.Булар албетте, биз унутта калтырбаган Таттыбубу Турсунбаева,Бүбүсара Бейшеналиева жана  Курманжан Датка,Жаныл Мырза.

IMG-20150306-WA0011

Бул кызуу сынак 4 саатка созулду.Коштоп келген коруучулор да абдан шандуу маанайда отурушту,Убакыт өтүп,жыйынтыкка да мезгил келди.Чон класс чондук кылат дегендей гран-прини бербей,алдыга чыгышты.Алардан да кем калбаган ,9-клаасты озунон артка таштаган 8-б класстын окуучулары 1-орунду камсыз кылышты.Калган класстар да орунсуз калбай,өз байгелерин ала алышты.Сынакта эн башкысы утуу эмес,катышуу деп айтылып келет,ошондуктан бардык катышуучуларга ийгилик каалап, дагы  коптогон ийгиликтерди багындырып келишин билдирдимектеп диретору .Байгеге жетпей калгангдарды  маанайын тушурбостон, алдыда боло турчу дагы сынактарга,мындан да артык даярданышын айтып отушту

996708637722-1419692596

Мектепте бул сынак биринчи жолу гана болгон жок.Мындан 3 жыл мурун башталган  “кош жылдыз” кароо сынагына жылыга бирден жылдыз кошулуп отуруп,мына бүгүн “тор жылдыз”  сынагы болуп жатат. Жана муну менен эле чектелбестен дагы да улана бермекчи.

Даярдаган:Перизат Кубанычбекова.