“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Рахатбектин жаркын элесине арналган турнир

8 Апрель 2015 жыл 12:01
Көрүүлөрдүн саны: 344

 

Куланак айылында быйыл Элдик  революциянын  баатыры Кожобеков Рахатбек Маликовичтин жаркын элесине арналган грек-рим курөшу боюнча турнир учунчу жолу  өтуп жатат.Курөшкө Ош, Бишкек,Чүй,Жалал-Абад, Ысык–Көл, Нарын жерлеринен жалпысынан машыктыруучулары менен 360  киши келди.

20150407_122549

Айыл жергесинде мейманкана жоктугунан, спортчуларды мектеп окуучулары уйлоруно, ал эми  тренерлер №86- кесиптик  лицейине жайгаштырылды.

Уюштурууну Рахатбек Маликовичтин агасы  Кубан  Маликович өзү колго алды.Анын айтымында”Күрөштүн максаты жаштарды патриоттукка тарбиялоо, сергек жашоого үндөө. Ал эми эң негизги максаты апрель революциясында каза тапкан баатырларды эскерүү.Бизге эң биринчилерден демөөрчү “Замандаш “ партиясы болду. Аларга терен  ыраазычылыгымды билдирем” деп  өз оюн айтып өттү.

20150407_153408

Нарын райондук спорт мектебинин директору Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Карыбек Бошубеков  томондогулорду айта кетти “ Курош мыкты деңгээлде отуп жатат.Куланак айылынын эли бизди абдан жакшы маанайда тосуп алды. Буюрса  балбандарыбыз  көптөгөн  ийгиликтерге  жетишет  деген  ойдобуз”

20150406_095440

Ысык-Көлдөн келген куроштун  катышуучусу Нуржигит  Отунчиев “Мен “алга”  деген  ураан  менен  жеңишке  жетишем  деген  оюм  бар.Атаандаштарыма дагы ийгилик каалайм”деген  патриоттук  сөзүн  айтып  өттү.

20150406_094924Финалдык беттешке Куланактан 6,Орто-Нура айылынан 3 жана Беш –Сары спорт клубунан 6,Кара-Чийден 1,Жан-Булактан 2,Нарын шаарынан 1,Чүйдөн 2,Ысык-Көлдөн 4  спортчулар  катышты.

Командалык эсеп боюнча 1-орундуу Куланак спорт клубу камсыздады,2-орунду “Беш-Сары ” спорт клубу,3-орунду Орто-Нура айылы алды.

20140407_172911

“Өзүбүз ойлогондон да турнир жогорку деңгээлде өттү.Биз бул турнирге бир жыл толугу менен даярдандык.Ошондуктан мен тарбиялаган балбандар Куланак элинин намысын коргоду.Бүгүнкү жеңиштен уткандар 14-апрелде өтө турган “Кыргыз Республикасынын кадеттер” арасында өтө турган мелдешке катышканга мүмкүнчүлүк алышты,14-апрелде  финалга чыккандар Дүйнөлүк жана Азиялык беттешке жолдомо алышат жана” спорттун чебери” деген наамга ээ болушат.Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып демөөрчүлөргө ыраазылык билдирем. Алар Куланак эли жана “Таттуу бадырак”,мектеп,№86  Кесиптик лицейи  чоң демөөрчүлүк кылды. Эл бар үчүн “Эл аралык” мелдеш жогорку деңгээлде өттү. Мен машыктырган окуучуларыма чоң-чоң ийгилик каалайм”.-деп Назарбек Мусалиев  бизге өз ыраазычылыгын билдирип кетти.

20150406_091940

Ушундай жогорку денгээлдеги мелдеш,ушул куну ар жылы отуп тураары бизге далил болду.Уламдан–улам таймаштын отушу жогорулап,кыргыз элиме куйгон,жанын берүүгө даяр болгон азамат кыргыз жигиттери чыгат деген ойдобуз!

 

Даярдагандар:Айзат Асанова, Самара  Рыскелдиева, Айзат Түмөнбаева , Перизат Кубанычбекова, Зулайка Мирлан кызы.