“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак орто мектебинде ысык тамак очокто жасалат.

17 Апрель 2015 жыл 15:21
Көрүүлөрдүн саны: 41

Куланак орто мектебинде электр жарыгы өчкөн учурда ысык тамакты очоко жасоого туура келет.

Айылда подстанцияларда ремонт журуп свет өчүрүлүүдө. Электр жарыгы ар кандай жаратылыш кубулуштарына байланыштуу көп өчөт.

Мектепте электр жарыгы өчкөн учурда балдарга ысык тамак жасоодо көптөгөн көйгөйлөр пайда болот. Мындай учурларда ысык тамакты мектептин артында очокко жасоого туура келет.20150410_114937

«Электр жарыгы өчкөн учурда тамакты очокко жасап балдарга тамакты убагында берүүгө жетишпей калабыз» дейт ашпозчу Абдразакова Нурзат20150410_115318

Мектеп Директору Абдыкадырова Чынара Өмүровна төмөндөгүлөргө токтолду. «Эртенки куну свет өчпөйт деп бизге эч ким кепилдик бере албайт, ошондуктан бул көйгөйдү чечүү үчүн ток бөлүп берүүчү генератор жана газ балон сатып алууга аракет кылып жатабыз»20150417_143836

 

 

Даярдаган: Бекболот Рахатбеков,Самара Рысклди кызы

жайкы Kloop.kg мектебине сынак үчүн