“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Өзгөчө кырдаалды алдын алуу жана жеңилдетүү

18 Апрель 2015 жыл 9:15
Көрүүлөрдүн саны: 54

Куланак айылында “Кызыл жарым ай коомунун” жардамы менен уюшулган “Өзгөчө кырдаал учурда кантип биринчи жардам берүү керек” деген темада окуучуларга семинар тренинг болуп өттү.

Семинарды Нарын шаардык “Кызыл жарым ай коомунун” өзгөчө кырдаал учурда биринчи жардам боюнча тренери Токтонбаева Наргиза жетектеди.

“Семинар тренинг атайын проектининин негизинде   DIPEKA-8 Швецария,Европа элдеринен каржыланган.Проектинин максаты өзгөчө кырдаалдарды азайтуу жана жеңилдетүү боюнча жана  анын ичинен Кыргызстанда Жалал-Абад,Нарын областары кирген. Нарын областынан 6 айыл алынды. Кочкор районунан 3 айыл,Нарын районунан 3 айыл-Куланак,Кара-Чий,Ак-талаа.Төмөндө айтылган айылдардан 15 адамдан турган ыктярдуу топтор түзүлүп, алардын лидерлери шайланган.Буга чейин Нарын шаарында жана айылдарда атайын сабактар өтүлүп,мектептерден 2 ден мугалим жана айылдардан түзүлгөн,ыктыяр топтун мүчөлөрү, лидерлери катышкан. Түзүлгөн команда  өзгөчө кырдаал учурларда чыга калып, жер титирөө, суу каптоо болобу жалпы элге 1-жардам беришет”- дейт Токтонбаева Наргиза.

20150213_112254

 

Семинар кызыктуу жана пайдалуу болгондуктан айыл тургундарынын суранычы менен 2 күндүк 3 күндүк болуп өтүп жаткандыгын баса белгиледи.

“Азыркы күндө семинарлар мектептерде өтүлө баштады. Биринчи эле мектебибиз Куланак айылындагы А.Аралбаев мектеби болду. Мектептин жогорку класстары               8-9-10 –класстын окуучуларыкатышты. Сабак учурунда окуучуларга 10 минутадан  лекция окулуп,андан кийин ар бир жардамдын түрлөрү боюнча практика жүзүндө окуучулар көрсөтүп беришти”.

20150213_112312

Семинарга катышуу үчүн эч кандай чектөө коюлган эмес. Семинардын жыйынтыгы менен ар бир мектептен түзүлгөн командалар арасында беттеш болот. Атайын женүүчүлөргө сюрприздер бар.

Келечеги кең болгон ушул сыяктуу проектилер менен иштешип,”өзү келген коёнду коё берген оңобу” –дегендей кандай проект болбосун элдин кызыкчылыгы үчүн пайдалана билели.

Даярдаган : Айзат Түмөнбаева.