“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Бул жон гана жан кечтик эмес…

8 Май 2015 жыл 14:30
Көрүүлөрдүн саны: 145

Жеңиштин 70 жылдыгына карата бир айлык иш чараларды өтүү жарыяланган.Ошонун негизинде Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы орто мектебинде ачык класстык сааттар,линейкалар өтүлүп,дубал газеталар чыгарылып жатат.

20150508_141424Азыркы жаш муун Улуу Ата-Мекендик согушта кылган аталарыбыздын  эрдиктерин унутка калтырбоонун негизинде мындай иш чаралар ар дайым,ар жылы,ушул мезгилде өткөрүлүп турат.

20150508_122132

Мына бүгүнда Куланак айылындагы сейил багында 4-а жана 8-а классынын күчү менен даярдалган чакан линейка болуп өттү.Ал жактан эл үчүн,жери үчүн жан берген аталарыбыздын эрдиктерин даңктап,аларга чоң таазим этээрибизди айгинелеп,ар бирибиздин жүрогүбүздө кала тургандай таасир калтырышты.

20150429_141848Жана ошондой эле сейил бактагы эстеликке 4-класстын окуучулары гүл чакмарын коюшту.

20150508_121257

 

4-класстын окуучулары Майсалбек менен Толгонайдын монологун окуучуларга жеткиликтүү айтып беришти.

      majsalbek
      tolgonaj

Ар дайым Улуу  Жеңиш күнүнө карата ар бир бала бүгүнкү күндөгүдөй дайынданса,эч качан эстеринен чыгарбайт жана аталарыбыздын эрдиктерин журогу менен туюп турушат.Мына ошондо аталарыбыздын эрдиктери акталганы.

Автор:  Айзат Түмөнбаева, Перизат Кубанычбекова

Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка