А.Аралбаев орто мектебинин 85-жылы бүтүргөн 30 жылдыктар мектепти жашылдандыруу үчүн 60 миң сомдук салымын кошушту.
Мектеп аянтына балдар эс ала тургандай кылып жакшы шарты менен кичи сейил багын тосуп,кооздоп беришти.
Мектепти мындан 30 жыл мурун бүтүргөн Майрамбек Бусурманкулов «Биз атайын 30 жылдыктар чогулуп,кичине болсо да салымыбызды кошолу деген негизде бул иш чараны өткөзүп жатабыз.»-деп оюн айтып өттү.
Дагы бир бүтүрүүчү Таалайбек Эрмекович»Эн биринчиден бул мектепке жардам катары жана алланын ыраазычылыгы үчүн мектептин бакчасын темир тосмо менен тосуп,ичине арча,гүлдөрдү,ар кандай көчөттөрдү отургузуп жатабыз.мектеп үчүн жалпы 60 миң сомдун тегерегинде акча сарпталды»дейт.
Ар жылы биздин мектепти бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөр өз салымын кошуп келсе,мектебибиз алдынкы мектептердин катарын толуктайт демекчибиз.Ар жылы биздин бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөрдөн мектеп үчүн белектерди күтөбүз.
автор:Перизат Кубанычбекова,Зулайка Мирлан кызы.
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка