“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак:Кылым карыткан кыргыз кол өнөрчүлүгү

14 Май 2015 жыл 11:44
Көрүүлөрдүн саны: 569

Куланак:Кылым карыткан кыргыз кол өнөрчүлүгү

“Ат-адамдын канаты” деп кыргыз элинде бекеринен айтылган эмес. Бийик тоону мекендеген кыргыз элинин жашоосу жылкы менен тыгыз байланышта болгон. Илгертен кыргыз мырзасы атты кадылап, аны пир туткан. Андыктан, ата мурасы аталган ат жабдыктарын аздектеп жасаган Рахатбек Ипасов жонундо соз болмокчу

DSC01320

Ат жабдыктары- атка минип жүрүүгө керектелүүчү буюмдар жана шаймандар. Ат жабдыктарынын курамына: ээр, үзөнгү, көмөлдүрүк, куюшкан, басмайыл, желдик, тердик, ичмек, жүгөн, нокто, көрпөчө, ат жабуу ж.б кирет.

DSC01440

Байыркы ата-бабаларыбыз турмушунда колдонуп келген камчы, ээр(негизинен ат жабдыктарынын) жасалышы тууралуу Ипасов Рахатбек байке айтып берди.

DSC01305

“Негизинен мен ат жабдыктарына кызыгам. Кол өнөрчүлүк менен 1992-жылдан бери алектенип келем. Бул ишти мен жездемден үйрөнгөм.  Биринчиден адамдын да шыгы жана ошол ишке көңүлү  болуш керек”.

 

DSC01310

Ар бир улуттун кол өнөрчүлүгүнү кооздукту, сулуулукту тартуулайт. Камчы-камчыланууга колдонулуучу буюм же ат жабдыгы.Камчынын жасалышы өзгөчө бир жөрөлгөлөр менен коштолуп, чеберчиликти талап кылат.

 

DSC01421

“Алсак, камчы жасаганга көктү алабыз. Муну эчкинин терисин кургатып,  даярдап алабыз. Андан кийин текши кылып кесип, жаачага тагып, өрүп, ага кайыш менен алакан жасап бекитебиз. Ага сапчаны табылгыдан жасап тагабыз. Андан соң камчы даяр болот”-дейт Рахатбек байке.

Автор: Дания Сейталиева

Жайкы kloop.kg мектебине сынак үчүн