“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Бирге окугум келет

16 Май 2015 жыл 11:05
Көрүүлөрдүн саны: 131

А. Аралбаев атындагы орто мектебинин 2 “б” классынын окуучулары менен Ага Хан фонду тарабынан демилгеленген бирге окуйбуз аттуу сынак болуп өттү.

20150515_151436

Бул иш чарага 6 окуучу ата – энеси менен катыша алышты.бардык катышууларга өзүнчө тапшырма берилип,ырлар айтылып,сөз курашты.Жакшы жооп бергенине 2упай,ал эми ата –эне тараптан жардам көрсөтүлсө 1 упай берилди.Жалпы катышуучуларга улам  бирден турдан жеңилгендердин маанайын чөктүрбөстөн ар бирине кызыктыруучу белектер берилди.Улам турлар жогорулаган сайын 2 ден окуучу оюндан чыгарылып жатты.Акыры баардык тапшырманы так аткарганАйзада  Жумагулова уулу Бакай менен жеңишке жетишишип,үй-бүлөсү менен бирге мыкты китеп окуйт наамын алды.

20150515_155029Биринчиликти багындырган катышуучуларыбыздан мындай пикирин уктук “Бирге окуйбуз  сынагына  балам менен катышып отурганыма сыймыктанам.Бул иш чара абдан жакшы маанайда өттү.дагы мүмкнчүлүк болсо катышсам  деген оюм бар”.

20150515_160631

Бул иш  чараны башынан аягына чейин кызыктуу  маанайда алып барган класс жетекчиси Чынара Жоробекова болду. “Бул сынак балдарга абдан жакты.Бул иш чаранын өткөнүн себеби,балдарга кичине кезинен  эле китепке болгон кызыгуусун ойготуу.Бу жакка катышам деп,көптөгөн китептерди окушуп,өздөрүнө көп маалымат алып алышты. ”- деп сөзүн айтып өттү.

20150515_151537Бирге окуйбуз сынагы ушуну менен эле токтоп калбастан дагы да өтөөрүү бышык.Кичине кезден эле китепке кызыгып,аны түшүнө билсе ал баланын келечеги кең.Эгер кичине бөбөктөрүбүздүн келечеги кең болсо демек Кырыгызстаныбыздын алдыдагы баса турган жолу да кең болоору бизди сыймыктандырат.

автор:Перизат Кубанычбекова,Айзат Асанова,Эркинай  Нарынбекова

 

Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка