А.Аралбаев орто мектебинде 29-май акыркы конгуроо кечеси болуп өттү. Бул кечеге албетте салтта сакталгандай 10;20;30жылдыктар келип катышышты.Озүлөрүнүн мектеп босогосун аттаганда эн биринчи окуткан эже-агайларына жолугушуп,даярдап келген белектерин берип,көпкө чейин чер жазышып сүйлөшүп отурушту.Мындан 10; 20жыл бүтүрүп кеткен бүтүрүүчүлөргө окуучулар кызыктуу суроолорун берип,аларды жаштык кезине бир кайрышты.
Быйылда акыркы коңгуроо шаңдуу маанайда өттү.1997-жылкы окуучулар 2015-жылдын бүтүүрүүчүлөрү аталды.Бүтүүрүчү класс өзүлөрүнүн чакан даярдап келген концертин элге тартуулап беришти
Бул кечени андан да шаңдуу кылган “Кара жорго №1” бий тобу болду. Алар да бүтүрүүчүлөргө ийгиликтерди,жакшылыктарды каалап,ырларын созуп,бийлеп кетишти.
А.Аралбаев орто мектебинде жалпы 2015-жылы 25 окуучу мектепти ийгиликтүү аяктады.Баардык бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалайбыз.
Мектепти ушинтип бир заматта бүтүрүп турмуш жолуна аттанып,уяларынан учуп кетишет.Ар бир окуучу мугалимдин берген тарбиясын,билимин, деги эле эмгегин актап,эли-жерине кызмат кылып,мекенибизди өркүндөтөт деген ойдобуз
автор: Перизат Кубанычбекова
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка