“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Ат-Башы: Туризм.»Көз коркоок кол баатыр»

28 Июнь 2015 жыл 0:23
Көрүүлөрдүн саны: 62

“Такыр ойлогон эмесмин, турист тосуп иштейм” дейт биздин каарманыбыз 3 баланын энеси  Жанат эже.

“Мен өзүм Ат-Башынын кызымын,кайра эле өз айылыма турмушка чыккам. Убакытты  бош өткөспөс үчүн кол өнөрчүлүк менен алектенип келчүмүн. Ошондой семинарлардын биринде сунуш кийрип калышты- «шарты барлар туристтерди кабыл алып, коноктоп туруу үчүн». Ойлоп көрсөм менин шартым туура келгидей. Бирок  мурда  турист тосуп көрбөгөндүктөн бир аз апкаарып турдум. Ата-бабалардын бир жакшы макалы бар “Көз коркок , кол баатыр” деген. Жолдошум Магомед экөөлөп, шымалана туристер үчүн баардык шарттарды түзүүгө кириштик.

Шаардан апабыз атайын келип, жардам көрсөтүп жатат.80

Бир туугандарыбыз жардамга келди.

47

 

Суунун боюна чакан боз үй тигип, шишкебек даярдай турган чатырча, каалоочулар үчүн  от жагуучу жай дайындадык.

91 Мурда чакан көлмө куруп , балык коё берилген болчу. Учурда  балыктарыбыз чоңоюп  калышты.

30

Азыр  турист тосконго толук даярдык бар. 26-27-июнда  алгачкы туристер келишти.

36

ракавинаАйрыкча боз үйдүн ичинде түнөгөн турист ыраазылыгын билдирди. Туристерди тартуу үчүн баалар салыштырмалуу төмөн.”

Нарын дарыясынын башаты болгон Ат-Башы дарыясынын кооздугу суктандырбай койбойт экен.  Минтип туристтер  келбесе өзүбүздүн кооз жайларыбызды баамдамак эмеспиз. Улуу Жибек жолунун  боюнда жайгашкан  Ат- Башы айылынын эли меймандос келет . Келген коногу кайра өзү келбесе да тууган туушкандарын жиберерине көзүбүз жетти. Себеби эс алуу үчүн жайдын ысык аптабында салкын тарткан сайдын жээги, шарпылдап аккан шар суусу көргөн кишини кайдыгер калтырбайт экен.

Коркуп олтура бербей белди бекем бууп, үй-бүлөсүнө толук ишенген Жанат эженин ишине ийгилик каалайбыз.

Даярдаган:Айзат Туменбаева

Клооп жайкы мектебине. Сынак учун