А.Аралбаев орто мектеби курулгандан бери капиталдык ремонттон отпогондуктон башталгыч класстарынын 12 мугалими жана мектеп завхозу, тех кызматкерлери менен биргеликте «Жомоктор залын» ондоону чечти.
Ремонт болуп жаткан «Жомоктор залында» иштеп жаткан Асанбекова Эркебубу эже быйыл 4- классты бутурду, суроолор менен кайрылганда томондогулорго токтолду.
«Биздин «Бучур» секциябызда 12 мугалим бар, «Жомоктор» залында жалан башталгыч класстар окуйт. Панелдердин асты грибок болуп,залдын шыбактары тушуп жаткан. Биз озубуз , башталгыч класстын мугалимдер жамааты кенешип,ата-энелер менен суйлошуп, озубуздун окуп жаткан жомоктор залын ремонт жасайлы деп ремонт жасап жатабыз».
Жумуш учун жумшалчу каражаттын акчасын башталгыч класстардын жалпы мугалимдер жамааты оз моюндарына алгандыгын дагы баса белгиледи.
«Мектеп завхосуна эсептетип корсок- 1 телешка кум,1 телешка топурак андан сырткары жарым тоннадай цемент кетет экен, андан башка шпатилевкага акча болуштуролу деп жатабыз . Ага ата-энелер жардам беришет»
Учурда панелдер толук кырылып, тазалангандан кийин шыбак иштери башталган. Кум шыбакты мектептин тех. кызматкерлери жасап жаткан учур.
Жылыга мектепти жаны окуу жылына камдоо учун «Жомоктор» залын жамап- жаскап келсе, быйыл озгочолонтуп жамабастан толугу менен шыбаганга отушту. Жумуш устундогулорго ийгилик кана кааламакчыбыз.
Даярдаган:Айзат Туменбаева
Клооп жайкы мектебине,сынак учун