“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак:Омуру орнок болгон карыя.

5 Июль 2015 жыл 4:14
Көрүүлөрдүн саны: 1004

Мен 1930 жылы,17- июнда Учкун айылында туулгамын.7-классты  окуп буткондо согуш чыкты.Согуштан азапты аябай эле кордук. Биз коргонду силер корбой эле койгула.

Учурда 85 жаштагы Байыс Чегирткеев ата озу жонундо томондогулорго токтолду.

мектеп 396

«Мен 7- классты аяктагандан кийин ,Куланактын училищасынан окудум. Анан апам ,жарыктык . Эми сен кетсен мен олуп калам. Сен окубай эле кой деп окутпай койгон. Ошентип 12 жашымдан  колхозго  мучо болуп иштедим. Чон кишинин катарында. Суу сугардык,чоп чаптык,эгин айдадык соко айдадык».

Ошентип тестиер кезинде жумушка аралашкан Байыс ата 17 жашында уйлонуп, 20 жашында армияга  аттанган экен.

« Солдатта 4 жыл журуп, кайра келдим. Анан ООС, Батхоздо Ак-талаа районунда иштеп,Аякта жарым эле жыл иштедим. Анан 1956 жылы Куланак району болуп калды. Бул жактада иштедим, мынданда тушуруп ташташты».

Мындай жумуштан бат бошошун ата  озунун училищадан башка билими жоктугунда экенин айтып отту.

«Анан усталыкка кирдим.Жыгач уста болдум. Колхоздун сарайын салдык, койчуларырдын тамын салдык. Элдердин эшик, терезе, каалгаларын жасадык.Биринин полун полдодук, шыйпырларын шыйпырладык. Анан Абдразаков деген башкармага чечим чыгартып алып,1970-жылы мектепке завхоз болуп иштеп калдым.Ошол жерде 3 жылы иштеп мектепти салдым,10 мугалим 2 орусту алып алып, 13-буз  иштедик.1973-жылы мектептин ачкычын августун 25 – тапшырдык».

Мектеп  директору жумуштан тушуп калгандан кийин биздин каарман мектеп менен иштешпей оордун озу бошотуп берген.

«Батхозго кирип кеттим, ООСко. ООСтон 17 жылы иштеп анан пенсияга чыктым. 1990 жылы пенсияга чыккам».

Пенсияга чыккандан бери 5 маал намаз окуп, Орозо кармап келет.Орозо жонундо томондогулорго токтолду.

мектеп 397

«Орозо-бул ачка болуш максат эмес. Орозо деген ,ачка киши кандай болду экен,ошонун негизинде. Ачкалыкка чыдаган киши орозо кармайт.Сенин ыймандуулугун ,чыдамкайлыгын мына ушунда болот.Орозодо кандай бата кылсан,орозодо кандай тилек тилесен орозодо созсуз кабыл болот.Орозонун  касиети ошондо. Тиги жакка барганда суроо сапкыт болот . Кана эмне алып келдин дейт- 30 кун орозо,5 убак намаз, зикир  кылган.ошону алып келдим дейсин.Кыскасын айтканда  куранда барда акылынды иштетсен , темирди учурасын асманга. Учуп айтпайбы спутнигинер асманга». Дейт Байыс ата .

Азыркы тапта Байыс ата курган Учкун айылындагы  мектеп менен мечит дале болсо эл кызматында. 4 кыз,3 уулдун атасы небере чоборолордун курчоосунда бактылуу карылыкты кемпири экоолоп коруп жаткан кези. Учурда  Бишкек тургуну болсо дагы жайкы ысык апта учурунда кызы Гулнаранын колунда ооз бекитип Куланак айылында.

2жылдан бери бери куткон Мекеге сапары быйыл оорундалып жаткан экен. Буюрса чакырык келсе деп баардык камылгасын коруп койгон.

Байыс атадай аталар менен жаштар коп-коп маектешсе , акылдарына акыл кошуп  улгу алышат. Арабыздан апа-аталарыбыз кемибей бар болушсун.