“Суу,санитария жана гигиена” долбоорунун алкагында А.Аралбаев мектеби жеңишке жетип, жаңы даараткана мектеп ичине курулуп жатат.
Бул жеңишке жетиш үчүн мектеп окуучулары мугалимдер жана ата-энелер менен бирдикте
2014-2015-окуу жылында көптөгөн иш чараларды аткарышты. “Таза класс”,”Таза кабинет”, класстар аралык КВН дер,”Таза зал” , мектептен куралган “ Мөл булак” аттуу команда башка айылдын мектептеринин окуучуларынын арасында уюшулган КВН-конкурска катышып 1-орунду ээлеп келген. Жана башка ушул сыяктуу берилген тапшырмаларды убагында так жана туура аткарып мектеп ичине курулуп жаткан дааратканага салымын кошушту.
Буюрса ишке кире турган даараткананын ачылышына аз калды. Ушундай өздөрү келген долбоорлордон качпай болгон күчтөрүн мектеп жумшай берсе , мектептин ичи толугу менен жаңыланчудай эле болуп калды.
Даярдаган: Айзат Түмөнбаева